Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдиктин Бажы кодексине кол койду. Бул тууралуу 26-декабрда Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы Тигран Саргсян билдирди.
Санкт-Петербургда Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алкагында документке Орусия, Казакстан, Армениянын президенттери дагы кол коюшкан. Кеңештин жыйынына Беларусь президенти Александр Лукашенко катышкан жок.
Белгилей кетсек, Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары 16-ноябрда Москва шаарында, ЕАЭБдин Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында уюмдун Бажы кодексинин долбоорун бекитишкен. Бажы кодекси бирдиктүү бажылык жөнгө салууларды түзүүгө өбөлгө болору айтылды.