MegaCom`дон Жаңы жылга белектер

MegaCom`дон 4G модем же 4G Wi-Fi роутер баарына жагат: мыкты ишкер адамга, жигердүү студентке, кеңсе кызматкерине, мектеп окуучусуна, кожойкеге жана дарыгерге. Анткени бул заманбап жана ыңгайлуу түзмөктөр суткасына 24 саат бою каалаган жерде: кеңседе, университетте, эс алуу багында, үйдө жана шаарыңдын сыртында жүргөндө онлайн абалда болууга шарт түзөт.

Декабрь айынын аягына чейин модемди жана роутерди толугу менен акысыз алууга мүмкүнчүлүгүңүз болот. «4G модемди акысыз ал» акциясынын катышуучусу болуш үчүн жөн гана 60 күндүк мөөнөткө арзандатуу менен 2580 сомдун ордуна 2000 сомго «Чектөөсүз 4G» тарифин активдештириңиз. «4G Wi-Fi роутерди акысыз ал» - жакын адамыңызды 90 күнгө MegaCom`дун «Чектөөсүз 4G» тарифине кошуп, жогорку ылдамдыктагы роутерди алыңыз. Акциянын алкагында кошулуу наркы төмөндөтүлгөн, тарифти 3870 сомдун ордуна 3100 сомго активдештириңиз. Ошондой эле жакыныңызга «Күн-Түн» түркүмүндөгү топтомдору сыяктуу жагымдуу жана керектүү белекти тартуулаңыз. «Күн-Түн» түркүмүндөгү топтомдорду жөнөтүүдө жакындарыңыз үч эселеген белекти алышат: күндүзгү топтом, чектөөсүз түнкү топтом дагы кошумча MegaCom`дун 4G түйүнүнө кошулууда күндүзгү топтомдун көлөмүндөгү трафик берилет.

Компаниянын каалаган Сатуу жана тейлөө борборуна же Фирмалык салонуна кайрылсаңыз, адистер сизге ыңгайлуу болгон белекти тандоого жардам көрсөтүшөт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Orbit
2016-12-30 21:54:56
Фай фай роутер дегени жанагы кичинекей аппарат болотпу? Симкарта тушкон модемге, мегабайты бар симкартты салып, модемди фай фай роутерге сайып койсо кадимкиле фай фай болуп иштей бергендер ушуларда э? Билгендер тушундуруп койгулачы барып ала калайын бекер болуп жатканда? Же админ тушундуруп койгулачы силер???????
-1
Мэри
2016-12-31 00:46:08
Жөнөкөй тил менен айтканда, сүрөттө турат го, ошонун чоңураагы вай-фай роутер. Ушуну аласыз, 3100 сом болот,аны 3 ай колдоносуз, анан айына 1200 сомдон төлөй баштайсыз. Ары-бери алып жүрсө болот, мунусу жакшы. А модемди албай деле койсо болот, эгер роутерди алса.
Бекер деп коюшат, 3100 сом акча эмеспи, анан айына 1200 деле кымбат да. Мен мурда Акнетке 995 сом, Мегалайнга 830 болуш керек, ушунча төлөчүмүн.
-1
Мэри
2016-12-31 01:04:49
Модем менен бир гана адам интернетке кире алат да, а вай-фай роутер менен бир эле учурда бир канча адам интернетке кире алат. Айырмасы ушул го дейм (кыскасы, билгенимче түшүндүрдүм окшойт))))
-1
Orbit
2016-12-31 03:25:00
Мэри, Тушундум Мэри рахмат чоон.
-1
panda7
2016-12-31 10:39:32
Мэри,Интернет на халяву..
+1
Shurik
2016-12-31 10:27:01
Жакшы экен бирок 4G Бишкек менен Ошто бар бизде мегаком 3G аран иштейт .
0
panda7
2016-12-31 10:38:46
Саламатсынарбы улуу урматтуу Кыргыз элим!Кирип келе жаткан Жаңы жылынар мн куттуктайм! г.Ош
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан