Фитодизайнер Татьяна Куликова: "Кыргыз өлкөсүнөн эч кайда кетким келбейт. Бул жерде ийгиликке жетүү үчүн көп мүмкүнчүлүктөр бар"

"Жумушка баш-отум менен киришип кеткендиктен, жеке жашоо тууралуу ойлоого азыр убактым жок. Буюрса, баары өз убактысы менен болот деп ойлойм. Азыр 28 жаштамын, андыктан жаңы баштаган жумушумду өз ордуна коюп алгандан кийин турмуш куруу тууралуу ойлоно баштасам керек", - дейт бүгүнкү "Ийгилик сыры" рубрикабыздын каарманы Татьяна Куликова. Ал жаш экенине карабай кыска убакытта Бишкек шаарында "Мария" гүлдөр жана өсүмдүктөр дүкөнүн негиздеп, учурда ийгиликтүү иш алып барууда. Бүгүнкү макалада Татьяна кантип гүл, өсүмдүктөрдү өстүрүп калганын, аларга кам көрүү жана ийгилик сырлары менен бөлүшөт.

Толук аты-жөнү: Татьяна Куликова

Туулган күнү, жылы: 17-сентябрь, 1988-жыл

Туулган жери: Кара-Балта шаары

Билими: Кыргыз-Орус Славян университетинин юридика факультетин бүтүргөн

Үй-бүлөлүк абалы: Турмушка чыга элек



"ӨЗҮБҮЗДҮ СЫНОО ҮЧҮН "МАРИЯ" ГҮЛДӨР ЖАНА ӨСҮМДҮКТӨР ДҮКӨНҮН АЧКАНБЫЗ"

- Буга чейин ресторандык бизнес жаатында, башка да көп тармакта иштегем. Анан эжем Мария гүлдөрдү өстүрүүнү, "кел, ушул ишти баштап көрөлү, өзүбүздү сынап көрөлү" деп, дүкөн ачууну сунуштап калды. Элестетиңиз, буга чейин бөлмө гүлдөрү, түрдүү өсүмдүктөр жөнүндө эч кандай түшүнүк да, кызыгуум да жок болчу. Макул болуп, бул ишке киришкен соң кантип кызыгып кеткенимди байкабай да калдым. Себеби өз колуң менен өстүргөн нерсең көзүңө башкача көрүнүп, сенин балаңдай эле болуп калат экен.

Эжемдин урматына дүкөн "Мария" деп аталат. Бир күнү гүлдөрдү сатуу эле эмес, өзүбүз да бир нерсе жаратышыбыз керек экенин түшүндүк. Мен бөлмө өсүмдүктөрүн, гүлдөрдү өстүрүүгө кеттим, эжем сатуу тармагын тандап алды. Кийинчерээк ал ооруп калганда бардык түйшүктү өзүм колго алууга туура келди. Ал кеткен соң дүкөндүн атын өзгөрткөн жокпуз, себеби бул нерсе дайыма эле жакшы натыйжа бере бербейт. Анан да кардарлар дүкөндүн атына байланыштуу мени көбүнчө Маша деп чакырашат. Бул нерсеге көнүп деле калдым.

Учурда бир топ кыйынчылыктарды жеңип, жумушту бир жолго салып алдык десек болот. Дүкөндөн бөлмө гүлдөрүн, кооз гүлдестелерди, түрдүү белектерди табууга болот. Ошондой эле буйрутма менен бөлмөлөрдү, кеңселерди, бакчаларды кооздоо боюнча да иш алып барабыз.

"АЛГАЧ КЫЗЫГУУ КҮЧ БОЛУП, БИРОК БИЛИМ, ТАЖРЫЙБА ЖОК КЫЙНАЛДЫК"

- Түрдүү гүлдөр, өсүмдүктөр менен алгач иш жүргүзө баштаганда бул багытта кызыгуу күч болчу. Бирок жетишерлик деңгээлде билим жок болгондуктан, абдан көп кыйынчылыктарга туш болдук. Анан дүкөнгө кирген чоң энелер менен баарлашып, алардын айткандарын эстеп калууга, бир нерсе билип алууга тырыштым. Ошентип, алгачкы мугалимдерим энелер, анан китеп, интернет жана жеке тажрыйбам болду. Өзүм бир өсүмдүктү алып отургузуп, кайра башка идишке көчүрүп, кандай температурада, жарыкта жакшы өсөт деп байкоо жүргүзүп жатып жакшы тажрыйба топтой алдым. Өзүм жалгыз иштеген күндөр да болгон. Саат эртеңки мененки 9да келип, түнкү 1ге чейин иштеп кетчүмүн. Кээде дүкөндө түнү бою калып, бир аз уктап, кайра иштөөнү уланткан күндөр болду. Андыктан бир нече талбаган эмгектенүүдөн соң азыр бул жаатта өзүмдү профессионалмын деп айта алам. Ошондой эле алган билим, тажрыйбамдын негизинде гүл, өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча жаштарга сабак болуш үчүн китеп чыгаруу планым бар.

Кээде дүкөнгө кымбат баалуу өсүмдүктөрдү эл көрсүн, суктансын деп алып келип коёбуз. Азыр дүкөндө орхидея гүлү турат. Аны баары келип көрүшөт, суктанышат, кооз гүл экен деп макташат, бирок эч кимдин сатып алгысы келбейт. Себеби баасы 9000 сом. Кандай келген болсо, орхидея ошол бойдон турат (күлүп).


"ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ, ӨЗ ЖУМУШУН СҮЙГӨН АДАМДАРДЫ БААЛАЙМ"

- Мага жоопкерчиликтүү, принципке турган, айтканды так аткарган адамдар жагат. Андыктан 30 жаштан ашкан адамдарды жумушка алам. Жумуштагы товарлар өзгөчө камкордукту талап кылат. Эгерде кайсы бир гүлдү же өсүмдүктү туура эмес кооздоп, же башка жакка көчүрсө, сырткы көрүнүшү да начарлап, сатуу эле эмес, адамга эстетикалык рахат да тартуулай албайт. Андыктан өз жумушун сүйүү, ар бир өсүмдүккө аяр, камкор мамиле жасоо зарыл.

Дүкөндө ар бир кардарга өзгөчө мамиле жасалат. Белектер, гүлдестелер акыркы заманбап стилде кооздолот. Бирок түрдүү курактагы адамдар гүлдүн жасалышына ар башка көз карашта болушу мүмкүн. Мисалы, улуу муундагыларга сенин болгон фантазияңды коротуп жасаган гүлдестең жакпай, жөнөкөй эле бир нече тал розаны алышы мүмкүн. Ал эми жаштардын бул багытта өзүнчө көз карашы бар. Алсак, учурда гүлдөрдү кара кагазга ороо модада. Бул кээ бирине кызыктай туюлушу мүмкүн. Бирок кара кагазда түстөрдүн айкалышы, контраст абдан жакшы көрүнөт.

Белгилей кетчү нерсе, биздин дүкөн эртеңки мененки саат 9дан түнкү саат 1ге чейин иштейт. Себеби кимдир бирөө конокко же дагы башка жакка эрте барса, кай бирлери кечкисин барышат. Мына ушуга ылайыктап, кардарларга ыңгайлуу болуш үчүн бир топ убакытка чейин иштейбиз.

"АПАМ, ЭЖЕМ БОЛБОГОНДО ЖЕКЕ ИШИМДИ ЖОЛГО КОЮУ МҮМКҮН ЭМЕС ЭЛЕ"

- Мен үй жумуштарына такыр жокмун. Андан көрө жылуу, спорттук кийимдерди кийип алып базар кыдырып кеткенди же өсүмдүктөр өскөн жерге келип, ылай, кир болуп иштегенди жакшы көрөм. Гүлдөр дүкөнүн ачып ишти бир жолго койгонума көмөктөш, жардамчы болгондор - апам, эжем. Эгер алар болбосо, турмуш-тиричиликтин торунан чыга албай калсам керек эле. Жогоруда айтпадымбы, буга чейин башка тармактарда иштечүмүн деп. Анда эмне, эртең менен шашпай туруп, жасанып-боёнуп алып, кофе ичип, анан жумушка шашпай келчүмүн. Бир нече ресторан-кафелерде администратор, казино тармагында иштеп жүрүп, бул тармакка келгенде дароо өзгөрдүм десем болот. Сүйүктүү жумушума ушунчалык берилип кеткенден жадакалса өзүмө караганды да унутуп коюптурмун.

Бир күнү курбум келиптир, "жүр, эс алып, тамактанып келели" деп. Анан мен жумуштагы формам менен бара турган болдум. Анда курбум "сени менен эч кайда барбайм, кебетеңди карачы" деп калды. Күзгүдөн өзүмдү көрүп уялып кеттим. Себеби гүл, өсүмдүк өстүрүү, аларга кам көрүү менен алышып отуруп, өзүмө караганды, боёнгонду, баарын унутуп койсом керек. Бирок бул нерсеге өкүнбөйм, себеби ийгилик жаратуу үчүн өзүңдү бир нерсеге толук арнап, берилүү менен иштешиң зарыл. Адам өз жумушу үчүн, аны ийгиликтүү улап кетүү үчүн кээде ушундай курмандыктарга барышы кажет деп ойлойм.

"ИЙГИЛИК СЫРЫМ - КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНӨН ЭЧ КАЙДА КЕТКИМ КЕЛБЕГЕНИ"

- Эң негизги ийгилик сырым - бул менин кайсы бир жакка кетүүгө ашыкпаганым. Көпчүлүк азыр кайсы бир өлкөгө барып, бир аз иштеп келем да, анан Кыргыз өлкөсүнө келип, кайра эч кайда чыкпай жашайм деп ойлошот. Менин мекеним ушул жер, андыктан ата-энем да, балдарым да эч кайда кетпей ушул өлкөдө жашашат. Биздин эл абдан жөнөкөй, меймандос, боорукер, эмгекчил, ишенчээк келишет. Өнүгүү, кайсы бир тармакта ийгиликке жетүү үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр ушул жерде бар.

Менин жумушум элге кубаныч, жакшы маанай алып келет. Мен өзүм аткарып жаткан жумушту абдан жакшы көрөм. Кайсы жерге барбайын, алгач эле бөлмөдөгү гүлдөргө көз таштайм. Алар менен кенен таанышып чыккан соң столго отурушум мүмкүн (күлүп). Ар бир жасаган жумушуңду сүйүү, бүткүл көңүлүңдү коюп берилүү менен жасасаң баары жакшы болот деп ойлойм.

Чынын айтканда, азыр биз жасаган иштер деңиздин бир тамчысындай эле. Андыктан, буюрса, келечекте дагы көптөгөн долбоорлорду ишке ашыруу максатыбыз бар.

"Мария" гүлдөр жана өсүмдүктөр дүкөнүнүн Инстаграмдагы расмий баракчасы бул жерде.
Байланыш телефону: 0773 72 73 74

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
dinar.meilibaeva
2017-01-13 11:08:35
дагы да болсо ийгилик каалайм.... ушул жумушту да эптей албагандар канча?!.
+6
suban78
2017-01-13 11:24:21
Бул менин жеке оюм да туугандар, орустар кыргызстандан кетишпей эле коюшса. Колуман келсе кеткен орустарды да алып келет элем, жонокой, куулукту билбеген, тушунуктуу эл орустар. Канча жылдан бери Москвада журуп коруп жатам орустарды. Чынын айтсам биякта орустар менен шерик болуп иштегенге аракет кылам озубуздукулордон коро.
+7
Azatbek.Svoboda.
2018-06-09 18:28:58
suban78,Ушулар барып бизди бөлүп салбаганда биз жакшы жашамакпыз! Өздөрү барганы менен иши жок бизди эмне келдиңер дешет! Уялбай орустарды куугансыңар дегенине эмне жок дейсиң!Карачы азыр улут улутка бөлүшөбүз ушулар орто азия бириксе күчтүү болуп кетпесин деп ушундай кылгандар. Эми баары күнөөлүү эмес! Мындай бизде жашаган эмгекчил орустар азаматсыңар ишиңерге ийгилик!
0
Nurtilek001
2017-01-13 13:57:43
Азамат кыз экен ийгилик.
+3
Мэри
2017-01-14 02:18:36
Жакшы экен.
+2
syrga05
2017-01-16 12:49:23
ukmuw iwtese bolor ekengoo
+1
grace
2017-05-21 19:55:02
Татьяна, ишиңе ийгилик! Патриоттук сезимиңе рахмат! Сага окшогон мыкты жаштар көп болсун бизде!
+2
Munar92
2018-08-05 15:53:44
Татьяна 88 болсон 30 чыгыпсын анда озунун жашыны дабилбейсинби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан