АКШнын окумуштуулары 100 долларлык купюранын түзүлүшү боюнча химиялык анализ жасашкан. Банкнотанын бетинен адистер 3 миңдей кооптуу бактерияларды табышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анализден кийин окумуштуулар медиктердин "акчаны кармагандан кийин колду жакшылап жуу зарыл" деген кеңешин тастыкташты. Акчанын бетинен ичеги бактериялары, тери ооруларын козгоочулар, стафилококктун вирустары жана дагы башка зыяндуу микробдор табылган.
Изилдөө тобунун жетекчиси Жейн Карлтон табылган микроорганизмдер аны эле эмес, бүтүндөй команданы таң калтырганын билдирген. Ошондой эле окумуштуулар микробдор акчада көбөйүшөрүн далилдешкен. Ага акчанын колдон-колго өтүшү, алардын жылуу жана нымдуу чөнтөктөрдө сакталышы шарт түзөт.
Мындан сырткары акчанын тазалыгы анын жасалган материалынан да көз каранды экени аныкталган. Мисалы, курамында пахта бар акча пластик жана полимерге караганда көбүрөөк кирдейт.