"Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт", "Дадагаң болуп кетейин" аттуу ырларды уккандырсыз. Ал ырларды үч жигиттен куралган "Музаман" тобу аткарат. "Топ жаңы түзүлгөндө "Силердей да ырчы болмок беле?" деп теңине албагандар болгон. Биз жүрүм-турумубузду жасабайбыз да, бирөө келип "балдар, силер момундай баскыла, ак байпак кийгиле" дегенде үчөөбүз бири-бирибизди карап күлүп коёбуз", - дешет трио.
Үч жигиттин чыгармачылыгына болгон мындан аркы пландары туурасындагы маек “Супер-Инфонун” жарык көргөн жаңы санынан (№741, 13-январь, 2017-жыл) орун алат.