SUPER.KG порталында быйылкы жылдын күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоонун кийинки айлампасы старт алды.
Порталдын окурмандары өткөн эки жума аралыгында президенттик жарышка чыгуусу мүмкүн делген саясатчылардын ичинен Турсунбек Акун менен Сооронбай Жээнбековго ишеним артышкан жок, экөө тең 1 пайызга жетпеген добуш алышты. Президенттик шайлоого катышарын расмий жарыялаган Турсунбек Акун тизмеде кала берет. Ал эми талапкер болушу мүмкүн делген Сооронбай Жээнбеков жаңы тизмеге кошулган жок. Урматтуу окурман, добуш берүү бөлүмүнө өтүү үчүн шилтемени басыңыз.
Эскертүү! Сурамжылоо ар 2 апта сайын жаңыланат. Кийинки жаңылануу 6-февралда саат 12:00дө болот. Жаңылануу болгон сайын тизме өзгөрүшү мүмкүн.