MegaCom компаниясы базалык станцияларын модернизациялоо жана жаңы базалык станцияларды куруу менен 4G LTE түйүнүн жайылтуусун улантып келет. Эми 4G-интернети 3 облустун 10 айылында жеткиликтүү:
Чүй облусу: Орто-Суу жана Полтавка айылдары.
Жалал-Абад облусу: Сузак айылы.
Ош облусу: Ынтымак, Присавай, Барак, Жыл-Келди, Кызыл-Мехнат, Октябрь жана Чагыр айылдары.
Техникалык бөлүмдүн адистеринин байма-бай аткарылган аракеттеринин натыйжасында заманбап технология менен Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Чолпон-Ата, Кант, Кара-Балта, Токмок жана Кара-Суу шаарларынын, ошондой эле Чүй облусунун 24 айылынын, Ош облусунун 13 айылынын жана Ысык-Көлдүн 7 айылынын тургундары колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.
MegaCom`дон жогорку ылдамдыктагы 4G LTE технологиясын кошордун алдында сиздин түзмөгүңүз жана SIM-картаңыз төртүнчү муундагы түйүнүн колдоорун алдын ала текшерип алыңыз. *460 чакыруу акысыз буйруусун териңиз. Эгерде *460 буйруусун тергениңизден кийин системден «SIM-картаңызды алмаштырыңыз» деген жооп келсе, компаниянын жакынкы жердеги жайгашкан Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна же Фирмалык салонуна кайрылууңуз керек. Ал жерден сиздин эски SIM-картаңызды 4G LTE форматындагы жаңысына акысыз алмаштырып беришет.
MegaCom`дон 4G LTE менен чыныгы ылдамдыкты сез!