2017-жылдын алгачкы айы башталып, эл өз жашоо-тиричилиги менен күн көрүп жатканда учак кырсыгы орун алып, Кыргыз жергесинде оор жоготуу болду. Бейкүнөө наристелер, жаш жигиттер жана келин-кыздар көз жумуп, бүтүндөй кыргыз элинин башына кайгылуу күн түштү. Мына ушундай апаатта Ала-Тоону мекендеп жашаган кыргыз эли бир муштумдай түйүлүп, кайгыдан муңканып тургандарга кайрат айтып жатты. Өлкөнүн алыскы айылдарынан тарта чет өлкөдө эмгектенип жаткан ар бир кыргыз мүмкүнчүлүгүнө жараша өз жардамын көрсөттү. Мындай оор кырдаалда Бишкек шаарындагы "Жорго такси" компаниясы да четте калбай, муктаж үй-бүлөлөргө жардам колун сунду.
16-январь күнү авиакырсык болгондон кийинки абалды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсү Муканбет Кожобеков төмөндөгүчө эскерет:
"Учак кулап, кырсык болгон күнү мен күзөт нөөмөтүндө болчумун. Биздин кызматка ыкчам маалыматтар түшүп, массалык маалымат каражаттары кабарларды жазып, бүтүндөй эл дүрбөлөңгө түшүп калды. Байланыш телефонубуз тынымсыз шыңгырап, бирөө жардам берет элем, экинчиси өрттү өчүрүүгө катышмакмын деп чалып жатышты. Ошол учурда жабыркагандарга жардам берүү пункттары борбор калаанын ар кайсы жеринде ачылып, ыктыярчылар иштеп жатышканы айтылды. Мына ошол мезгилде элди ташуу кызматын аткарып жаткан “Жорго такси” кызматынын жетекчилери бизге байланышып, жардам берерин айтышты".
Муканбет Кожобековдун айтымында, “Жорго таксиден” башка такси кызматы жабыркагандарга жардам берүү демилгесин көтөргөн эмес.
"Эл ызы-чуу болуп, каалоочулар жардамын кайда алып барарын билбей жатканда, “Жорго такси” кызматы чоң жардамга келди. Алар шаар ичинде жардам чогултуу пункттарына элден чогулган азык-түлүк, тамак-аш, жылуу кийим жана төшөнчүлөрдү өз убагында жеткизип жатышты. Жалгыз гана Бишкек шаарында эмес, шаардын четиндеги конуштардан да адамдарды ташып, түнү менен элге кызмат кылды", - деп кошумчалады Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсү.
Күнү-түнү кызмат кылган мамлекеттик кызматкерлерге, жарандык активисттерге “Жоргонун” жигиттери ысык чай, тамак-аш жеткирүүнү колго алышкан. Жалпы жамааты менен калкка кызмат көрсөтүү демилгесин көтөргөн “жоргочулар” эки күн аралыгында жалпысынан 250дөн ашуун каттамды акысыз аткарышкан. Ошондой эле алар "Манас" аэропортуна каттаган ыктыярчыларды 25 унаасы менен ташып, жүктөрүн жеткиришкен. Мындан сырткары шаардагы өлүкканада кызмат көрсөткөндөргө ысык чай жеткиришкен.