Өткөн айда бир топ убакыттан бери Токмоктогу балдар үйүнө жардам көрсөтүп келе жаткан "Жорго" компаниясынын жигиттери тууралуу жазган элек. Бул ирет ушул эле компаниянын кызматкерлеринин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бекер кызмат көрсөтүп, айткан дарегине жеткиргенин баяндоону туура көрдүк. Компания ачылгандан тарта согуштун ардагерлерине бекер кызмат көрсөтсө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга 50 пайыздык арзандатууну киргизген. Бүгүн, 2-февралда SUPER.KG`ге ардагерлер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар "Жоргонун" жигиттерине ыраазычылыгын билдирип, каалоо-тилектерин, батасын беришти.
93 жаштагы ардагер Асек Урманбетов 3 жылдан бери бекер такси кызматын колдонот.
"Мен диспетчер кыздарга чаларым менен "Асек ата" деп дароо эле таанышат. Жигиттерге жолугуп, дайыма кеп-кеңешимди, батамды берип турам. Элге таза жүрөгү менен кызмат кылган адамдардын иши алдыга жылат. “Жоргонун” жигиттерин кыргыздын мыкты жигиттери деп билем. Карысын сыйлаган жаштар өнүгөт, өсөт. Ушундай адамдар бар экен, демек, уучубуз куру эмес, келечектен үмүт чоң", - дейт ардагер Асек Урманбетов.
Ал эми 92 жаштагы Аспек Жумашев такси кызматын 2 жылдан бери колдонот.
"Балдарым жумушта болуп, мени бир жакка жеткирүүгө эч ким жок калганда "Жоргонун" жигиттерин чакырам. Кызматтарына акы алышпайт. Ал үчүн атайын күбөлүк кагазын да жасап беришкен", - дейт согуштун ардагери.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Гүлбарчын Туйгунова, Гүлмайрам Алинбай кызы, жалгыз бой эне Айнура Токталиева жана башкалар баары бир ооздон "Жорго" компаниясы 50 пайыздык арзандатуу берип, каалаган жерге жеткирип жатышканын, башка такси кызматтарында мындай жеңилдик жок экенин айтышты.
Ал эми Айнура Токталиева 13 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалгыз кызын күн сайын "Жоргонун" жигиттери менен мектепке алып барып, алып келерин айтат.
"Күн сайын такси менен кызымды мектепке жеткиребиз. 150 сом болсо, жарымын берем. Бирок көбүнчө ыймандуу жигиттер жөн эле коюңуз деп албай коюшат. Кызым жакшы баса албайт. Жигиттер мектепке көтөрүп жеткиришет. Өткөн жылы аябай көп колдондук. Бул жылы туугандар каралашып, бир аз азайды", - дейт Айнура Токталиева.
Ошондой эле аталган компанияда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар да иштешет.
"Майыптар бригадасында" ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер да эмгектенишет. Аларды колдоо үчүн атайын шарттар түзүлүп, жеңилдиктер, түрдүү бонустар берилет. Биз үчүн баары бирдей. Кандай адам болбосун, ал иштөөгө, толук кандуу жашоо кечирүүгө укуктуу", - дешет "Жорго" компаниясынын кызматкерлери.