Нарында көмүрдүн баасын ортомчулар көтөрүп жатышат. Бул тууралуу 7-февралда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында депутат Кожобек Рыспаев билдирди. Айтымында, Нарын облусунун тургундары көмүр кымбат болгондуктан электр энергиясын колдонууга басым жасап жатышат.
Өкмөткө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев бул көйгөйдү бийлик менен чогуу чечүү керектигин айтты. “Бул боюнча менде маалымат жетиштүү эмес. Ал үчүн Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келиш керек болчу. Көмүрдү жергиликтүү бийлик таратып берет. Ошондуктан маселени алар менен бирге кароо зарыл”, - деди Зилалиев.
Эске салсак, кечээ, 6-февралда Нарында көмүрдүн кымбатташына жана электр энергиясынын баасына нааразы тургундар митингге чыгышкан.