Ховд университетинин археологдору 2016-жылдын апрелинде Монголиянын Ховд районундагы Узуур Гулан жерине коюлган түрк аялынын сөөгүн табышкан. Кийин табылга аталган жайдын урматына Узуур Гулан деп аталган.
40тан ашуун табылга жана байыркы кишинин кийизге оролгон сөөгү, ээр, чопо карапа, жыгачтан жана темирден жасалган аяк, тепши, темир чайнек, аттын, койдун сөөктөрү, диил (монголдордун улуттук кийими) табылган.
Бул окуяга байланыштуу Түркиянын 5 археологу 2016-жылдын июнь айында табылганы изилдөө үчүн Монголияга барган. Алар бир нече үлгүнү алып, АКШдагы лабораторияга жиберишкен. Анын жыйынтыгына ылайык, Узуур Гулан биздин замандын IX-X кылымдарына таандык экенин тастыкташкан. Тарых айтып тургандай, бул кылымдар Орто Азиядагы Кыргыз каганатынын гүлдөп-өсүп турган жана кулаган дооруна дал келет.
Учурда табылга Улан-Батор шаарындагы маданий мурастар борборунда сакталууда.
Ал эми табылган сөөккө таандык кийим, буюмдар тектүү бүлөгө таандык дешет. Бул тууралуу тарыхчы Себахаттин Кутук: "Бул чанда кездешчү көрүнүш. Биз аял тектүү жерден чыккан деген тыянакка келдик. Себеби анын кийими жана күмбөздөгү буюмдары жогорку сапатта болчу. Демек, мындай буюмдарды ак сөөктүн тукумдары пайдаланат. Бут кийими темир менен колодон жасалса, кийген тонунун ичи аң териден, сырты булгаары менен капталып тигилген. Анын сөөгү абдан жакшы сакталганына таң калдык", - деген оюн билдирген.
"Аялдын бою 1 метр 65 сантиметр. Сөөгү муздак жайда сакталып турат. Биз анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн тесттен өткөрдүк. Ал нымдуулугу аз, жел кирип турган жайга коюлган. Күмбөз чаң менен жабылып калбаганда, жакшы сакталбай калмак экен", - деп билдирген Маданий мурастар борборунун жетекчиси Г.Энкхбат.
Табылга коомчулукка ушул жылдын ортосунда көрсөтүлөрү айтылууда.