“Эйр Манас” жакында Пакистан, Иран мамлекеттерине жана Пекин шаарына түз каттам ачат

“Эйр Манас” авиакомпаниясынын башкы директору Талгат Нурбаев менен маек курабыз.

- "Эйр Манас" Авиакомпаниясы көрүнүктүү өнүгүүнү көрсөтүп келе жатат. Жаңы эл аралык каттамдар ачылууда. Сиздердин авиапаркыңыздарда NG үлгүсүндөгү аба транспортунун жаңы учактары бар. Авиакомпания “Ар бир адам учууга укуктуу” деген башкы стратегияны ишке ашырып жатабы?

- Биздин бардык жумушубуз алдыга койгон максаттарыбызды аткарууга негизделет. Ооба, чындыгында эле авиакомпаниянын башкы жана негизги стратегиясы “учууга ар бир адам укуктуу” деген айтым болуп саналат. Бул биз сунуштаган аз бюджеттүү “лоу-кост” авиаташуунун жаңы бизнес модели аркылуу ишке ашып жатат. Мындай ыкма бир катар чет мамлекеттерде колдонулуп жатат. NG (Next Generation) аба суднолорунун акыркы моделин алгандан кийин жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлө баштады. Жаңы учактарга күйүүчү майлар аз керектелет, мындан тышкары керексиз, ыгы жок сатып алуулардын кереги жок болуп калат (көпчүлүгүбүз үчүн учакта бизнес-салондун болушу, калориялуу тамак, спирт ичимдиктери жана башка суусундуктар маанилүү эмес). Бул негизги булактардын бири гана. Дүйнө өлкөлөрү колдонгон мыкты тажрыйбаларды эске алып “Эйр Манас” авиакомпаниясы өзүнүн бизнес моделин ушул багытта тургузуп жатат. Жалпылаганда бул чыгашаны азайтып, авиабилеттердин баасына да таасирин тийгизе алат.

- "Эйр Манас" авиакомпания учуу географиясын активдүү кеңейтип жатат. Сентябрь айында жаңы Бишкек-Кашкар эл аралык каттамы ачылды. Ага чейин Бишкек менен Делини байланыштырдыңыздар эле. Жакынкы күндөрдө жаңы рейстерди ачуу жаатында кандай планыңыздар бар?

- Учуу багыттарын кеңейтүү тармагында иштер такай жүргүзүлүп турат. Биздин башкы стратегиялык максатыбыз – “Манас” аэропортундагы транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү, ошондой эле Стамбулга болгон каттамдардын санын көбөйтүү. Жакын арада Пакистан, Иран мамлекеттерине жана Кытайдын борбору Пекин шаарына түз каттам ачууну пландап жатабыз. Декабрь айынан тарта авиакомпания “Жуковский” аэропотуна жаңы каттам ачты. Биздин рейстер учууда эконом классты тандаган кардарларга багытталган. Эң жеңил шарттар менен авиабилет сатып алуу үчүн алдын ала, бир жарым ай мурун брондоп коюу керек. Бүгүнкү күндө авиакомпаниянын : www.airmanas.com расмий сайтын колдонуу менен билеттерди тез жана арзан алууга болот. 2017-жылы E-commerce системин ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Бул систем азыркы тапта иштелип жаткан чагы. Жаңы систем авиакомпаниянын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланып бонус чогултууга жардам берет.

- 2016-жылы жайында Еврокомиссия авиакомпаниялардын тизмесин жаңыртты. Кара тизмеге кирген авиакомпанияларга Евробиримдиктеги мамлекеттерге учууга тыюу салынган. Ал тизмеге Кыргыз мамлекетиндеги бардык авиакомпаниялар киргизилди. Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгуу боюнча кандай аракеттер көрүлүп жатат?

- Беш багытта текшерүү, аудиттер өткөрүлгөн эле. Андан кийин коюлган катачылыктардын үстүндө бүгүнкү күндө биздин авиатүзүмдөр иш алып барууда. 2017-жылы дагы эки багыт боюнча Кыргыз Республикасында ICAO аудити өтөт. Авиакомпанияларды кара тизмеден чыгаруу боюнча тийиштүү аракеттер аудиттин жыйынтыгы чыккандан кийин болот. Авиакомпанияларды IOSAнын аудитинен өткөрүү үчүн биз IATAдан консультация алып жатабыз. Биздин компания ушул жылы сертификат алууну пландап жатат. IOSA аудити өткөндөн кийин биз “Эйр Манасты” Еврокомиссия казакстандык “Эйр Астана” сыяктуу кара тизмеден чыгарат деген ишеничтебиз.

- Дүйнөдөгү ири авиакомпаниялар өзүнүн стратегиясындагы негизги багыт катары – жердеги жана борттогу персоналын окутуу, өнүктүрүү деп эсептешет. Бул жаатта сиздерде абал кандай экени кызыктырууда. Акциялардын 49 пайызы "Pegasus Airlines" түрк компаниясына тиешелүү эмеспи, жергиликтүү жана чет элден келген кызматкерлердин айкалышы кандай болуп жатат?

- "Эйр Манас" ишканасындагы көптөгөн кызматкерлердин ичинен бири гана Түркиянын жараны болуп саналат. Биз персоналды окутуу жана үйрөтүүдөгү ставканы жергиликтүү кызматкерлерге коёбуз. Биз үчүн кесиптик деңгээлди жогорулатуу жана авиациялык талаптардын квалификациясына жооп берүү – “Эйр Манас” компаниясынын кадрдык ресурстарын башкаруудагы маанилүү стратегиялык аспектилердин бири болуп саналат. Иштөөнүн жаңы ыкмаларын үйрөнүү менен кызматкерлер компаниянын бул тармакта лидерлик позицияны ээлешине көмөк көрсөтүшөт. Бизде ийгиликтүү ишке ашып жаткан окутуу программасы бар. Жаш учкучтар окуудан кийин тажрыйбасы жетишсиз болорун эске алышыбыз керек. Биздин тажрыйбалуу учкучтарыбыз жаңы муунга өз билгендерин үйрөтүп келишет. Өндүрүүчүлүккө баа берүүнүн негизинде түзүлгөн окутуу программалары кызматкер же жетекчинин суроо-талабын анализдегенден кийин иштелип чыккан.

- Жергиликтүү авиакомпаниялардын Европа өлкөлөрүнө учуусуна киргизилген чектөө салттуу авиациялык схемаларды каржылоо боюнча иштерди оорлотууда. Жаш авиакомпания үчүн аба паркын жаңылоо кандай болууда?

- Бүгүнкү күнү учакты лизингге ала албайсың. Бул Кыргыз Республикасынын кара тизмеге кирип калышы менен байланыштуу. Бизге лизингге болгон төлөмдөрдү 1,5-2 эсеге чейин жогорулатышат. Бул камсыздандыруучу компанияга болгон премияны жогорулатат. Мындан улам лизинг биз үчүн ыңгайлуу эмес. Паркты жаңылоодо бизге стратегиялык өнөктөшүбүз "Pegasus Airlines" жардам берип келет. Алар учактарды рыноктук баада жана бөлүп төлөө жолу менен сатышат. Бул деле лизингдин башкача формасы десек болот. Биз ушундай жол менен жаңы учактарды каржылоо маселесин чечүүдөбүз. Европа биримдигинин кара тизмесинен чыгуу менен учуунун географиясын кеңейтүүгө, жүргүнчүлөрдүн учуусун ыңгайлуу кылууга жана чыгымдарды кыскартууга шарт түзүлөт. Бул биздин “учуу ар бир адамдын укугу” деген башкы стратегиябыздын ишке ашышын шарттайт. Инвесторго шарт түзүү - бул ачык, эффективдүү башкаруу системи жана кызматкерлердин, учуучу курамдын талыкпаган эмгеги.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AKCAHAT
2017-02-13 15:45:42
Жакында бул качан? Азыр коп адамдар бойрок пересадка кылыш учун Пакистан Индияга учууда. Биз дагы пакистанга баралы дегенбиз бойрок ооруусу мн бирок через 1 олко мн учуу анан виза маселеси ото кыйынчылык жаратууда. Пакистанга ачылса жакшы болмок.
0
Doni99
2017-02-13 15:50:57
JAKWY BOLOT
0
lesa123
2017-02-13 16:10:24
Эн жакшы компания, Ишинерге ийгилик. Тезинен ачсанар жакшы болмок Кытай менен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан