Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы (КР МСК) өлкөнүн мыкты салык төлөөчүлөрүн аныктап, «Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom соода маркасы) соода жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнүн мыктысы катары дагы бир ирет таанылды.
MegaCom компаниясы экономиканын өнүгүүсүнө кошуп жаткан барандуу салымы, бюджет кирешесин калыптандырууга активдүү катышуусу, 2016-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча салык мыйзамдарын так аткаргандыгы үчүн сыйланды. Өлкөнүн мыкты салык төлөөчүлөрүнүн ишмердиги чынчыл, таза жана сабаттуу ишкердик жүргүзүүнүн үлгүсү боло алгандыгы мактоого татырлык.
Тиешелүү сертификаттарды жана дипломдорду тапшырып жатып, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухаметкалый Абылгазиев салык төлөөчүлөр Кыргыз өлкөсүнүн өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошуп жаткандыгын баса белгилеп, үзүрлүү өсүп-өнүгүүнү жана жетишкендиктерди каалады.
Өлкө аймагын байланыш түйүнү менен камтуу боюнча көч башында келе жаткан мобилдик оператор 10 жылдан бери кыргызстандыктарга эл аралык сапаттык менеджмент стандартына дал келген, үнөмдүү жана сапаттуу мобилдик байланыш кызматтарын көрсөтүп келе жатат.
MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору!