"Pony Express" компаниясы сапаттуу жана ыңгайлуу жеткирүү кызматтарын сунуштайт

КМШдагы ири универсалдык логистикалык оператор жана визалык сервистин провайдери "Pony Express" компаниясы Бишкекте жаңы кеңсесин ачып, анда компаниянын өкүлдөрү конокторду алдыдагы пландары жана ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Кыргыз мамлекетинде 2014-жылдан бери иш алып барган "Pony Express" компаниясы быйыл өлкө аймагында 7 филиалын (Ош, Жалал-Абад, Каракол, Чолпон-Ата, Нарын, Талас, Баткен) ачууну көздөп жатат. Ал эми келерки 3 жылдын ичинде компания Кыргыз Республикасындагы складдык логистика жана жүк ташуу багытын өнүктүрүүнү пландоодо.

"Pony Express" Кыргыз жарандарына сапаттуу жана ыңгайлуу жеткирүү кызматтарын сунуштайт

Аталган компания шаар ичине, Кыргыз өлкөсү боюнча, КМШнын 14 миң шаарына жана дүйнө жүзү боюнча 218 мамлекетке экспресс-жеткирүү боюнча кызмат көрсөтөт. Андан тышкары Евразиялык экономикалык биримдиктеги өлкөлөргө жүктөрдү, каттарды жана башкаларды арзан жеткирүү кызматын көрсөтүүгө даяр.

Ошондой эле компания телекоммуникация тармагынын, фармацевтика жана интернет-дүкөндөрдүн товарларын жеткирүү кызматын сунуштайт. Экспресс-жеткирүү кызматы шаар ичинде 1 күндө, Кыргыз мамлекети боюнча 1,5 күндө ишке ашат. Ал эми жеткирилүүчү товарлардын, жүктөрдүн салмагына чектөө жок.

Кеңседе кардарлар үчүн бардык шарттар түзүлгөн

"Pony Express" компаниясынын жаңы ачылган кеңсеси Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашып, ичинде кардарлары үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Алсак, анын ичинде балдар үчүн атайын бурч бар, ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды тейлөөгө атайын шарттар түзүлгөн.

"Биз Кыргыз өлкөсүндө логистикалык бизнестин өнүгүү потенциалы бар экенин көрүп жатабыз. Өлкөдө жеткиликтүү баадагы, жогорку логистикалык кызмат көрсөтүүлөр жокко эсе. Биз калкка оптималдуу тарифтерде жеткирүү, жүк ташуу жана кампада сактоо кызматтарын көрсөтүүнү көздөйбүз", - деди "Pony Express" компаниясынын аймактык өнүгүүсү боюнча директору Сергей Сергушев.

Чет өлкөлөргө виза ачуу мүмкүнчүлүгү

Компаниянын Кыргыз мамлекетиндеги директору Жаныбек Карымшаковдун айтымында, "Pony Express" Орусия, Казакстан, Кыргыз мамлекети, Украина, Тажикстан жана Беларусь өлкөлөрүндө визалык сервистерди ишке ашырарын билдирди. КРнын жарандары Латвияга виза ачуу боюнча кеңседе арыз жазып, атайын бир мөөнөттөн кийин аны алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nur_zhoni
2017-02-22 21:56:06
Жакшы экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан