Бүгүн, 25-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш иши тууралуу билдирүү таратты. Анда УКМКдан келген маалыматтардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 303 (коррупция) жана 166 (алдамчылык) боюнча иш козголгону айтылган.
"Орусиядагы телекоммуникациялык компаниялардын биринин жетекчиси Л.Маевский Текебаевди жоопко тартуу боюнча УКМКга арыз менен кайрылган. Маевский өз арызында, 2010-жылы Текебаев ага өзгөчө артыкчылык түзүп берүү үчүн 1 миллион доллар алганын айткан. Алгач "Альфа Телеком" жабык акционердик коомун башкарууга укук берүү, кийин уюлдук компаниянын акциясын 10-15 пайызга чейин төмөн баада сатуу каралган. Бирок Текебаев айткан милдеттенмелерин аткарбай, алган акчаны кайтарып берүүдөн баш тарткан", - деп айтылат маалыматта.
Учурда кылмыш ишти иликтөө УКМКнын тергөө башкармалыгына тапшырылды.
Буга чейин Өмүрбек Текебаевге кылмыш иши козголгону айтылган эле.