Бүгүн, 26-февралда УКМК алдында Өмүрбек Текебаевди колдогон митинг өтөт. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынын өкүлү SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка караганда, митинг саат 13:00дө башталат. Анда эл өкүлү Өмүрбек Текебаевди камактан бошотуу жана саясий куугунтукту токтотуу талаптары айтылат.
Айта кетсек, кечээ, 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге кылмыш ишин козгогон. Эл өкүлү бүгүн саат 03:00дө Венадан учуп келери менен УКМК кызматкерлери кармап кетишкен.