"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов кармалды

Тектеш кабарлар: Текебаевге каршы кылмыш иши козголду (51 материал)

"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов кармалды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов тастыктады.

Анын айтымында, Чотонов Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин негизинде бүгүн эртең менен УКМК имаратына алынып келинген.

Айта кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча Текебаевге орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай коюшканын айткан. Эл өкүлү бүгүн саат 03:00дө Венадан учуп келери менен УКМК кызматкерлери кармап кетишкен.

Дүйшөнкул Чотонов 2011-жылдан 2016-жылдын январь айына чейин Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы ыйгарымдуу жана толук укуктуу элчиси болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан