Укук коргоочулар Өмүрбек Текебаевдин камалышынан улам парламентте шашылыш отурум өткөрүү боюнча кол топтоп жатышат. Динара Ошурахунова башында турган 11 укук коргоочу депутаттарга кайрылуу жолдошту. Кайрылуунун тексти:
"Оппозициялык “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы, анын тарапташтары жана журналисттерди милиция кызматкерлери кармап кетиши боюнча токтоосуз түрдө парламенттин шашылыш отурумун өткөрүүгө чакырабыз.
Түшүндүрмө алуу максатында башкы прокурор Индира Жолдубаева, Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев, Ички иштер министри Улан Исраиловду Жогорку Кеңешке чакырууну талап кылабыз.
Бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын өкүлү болгон эл депутатын такталбаган арыздын негизинде кармоого жол берилбеши керек. Биз муну бийликтин оппоненттерине каршы учурдагы жүргүзүлүп жаткан репрессияларынын коркутуп-үркүтүү максатында жасалган кезектеги маскара кадамы деп эсептейбиз.
Мурунку бийликтин дал ушундай жоопкерчиликсиз кадамдары 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларга алып келгенин эске салабыз. Өлкөдөгү туруксуздукка жол бербөө максатында, Өмүрбек Текебаевдин жана бардык кармалгандардын токтоосуз бошотулушуна жетишүүсүн Жогорку Кеңештен талап кылабыз".