Өмүрбек Текебаевди колдогон митинг эртең өкмөт үйүнүн алдында уланат

Тектеш кабарлар: Текебаевге каршы кылмыш иши козголду (51 материал)

20:42 УКМКнын алдындагы митинг бүттү. Каныбек Иманалиев: "Урматтуу мекендештер! Сиздерге рахмат! Бүгүн бир эл экенибизди, бир күч экенибизди көрсөттүк, максатыбыз бир экенин далилдедик. Эртең эки айга камоого санкция алуу үчүн барышат экен. Биз эртең өкмөт үйүнүн алдына чогулалы. Бириккен күчтөрдүн штабы түзүлөт".

20:18 Митингчилер: "Эртең Жогорку Кеңештин алдында боло турган митингге президенттикке талапкерлигин койгондорду чакырабыз. Сариев, Бабанов, Төрөбаев, Бекназаровдор келишсин. Биз депутаттардын кезексиз жыйын өткөрүшүн талап кылабыз".

20:01 Каныбек Иманалиев: "Фракциябыз толугу менен ушул жерде, абалды талкуулап 30-40 мүнөттөн кийин мындан ары кандай кыларыбызды чечебиз".

19:58 Айгүл Текебаева (ыйлап): "Өмүрбек ар дайым чындыкты айтып, мыйзам чегинде иш алып барып келген. Баары түшүнүп турат. Ак ийилет, бирок сынбайт. Колдоп келгениңиздерге рахмат. Ар дайым чындык деп жүргөн адам. Баары түшүнүп жатат, чындык каякта экенин билип жатат".

19:56 Садык Шер-Нияз: "Текебаев дагы эл катары суракка алынсын. Аны аэропорттон кармап кеткидей ал кыргыз-казак чек арасынан дарыя аркылуу качып өтүп бара жатыптырбы? Же учак кулап аэропорттун сынган тосмосунан качып кетип жаткан бекен анын колун кайрып кармап кеткидей. Кыргыз элин атышты, сатышты, кыргыз элинен качышты. Бирок кыргыз элин кордобогула, коркутпагыла".

19:42 Асия Сасыкбаева Өмүрбек Текебаевге жубайы дары-дармек алып келип бергенин айтты.

19:41 Турсунбек Акун: "Биз УКМКга кат жазган элек. Алар төрага кабыл алса телефон чалып айтабыз деп номерлерибизди алып калган. Байланышка чыгышкан жок, жаңы эле барып келдик. Команда күтүп жатабыз дешти. Биз Текебаевдин абалын билели дегенбиз. Абдил Сегизбаевге айтарым, от менен ойнобо".

19:21 Камакка алынган ЖКнын депутаты Өмүрбек Текебаевдин тарапташтарынын УКМКнын алдындагы митинги уланууда. Учурда аларга палоо таратылууда.

18:24 "Митингчилердин атынан түзүлгөн топ болуп Абдил Сегизбаевдин атына жазган катты берип келдик. Биз Өмүрбек Текебаевдин азыркы абалы тууралуу билели дедик. Кандай шартта кармалып жатат? Анткени бизде маалымат жок. 8 сааттан бери сурак жүрүп жатат. Бул мыйзамсыз. УКМКнын имаратынын жанында күч органдарынын унаасы турат? Эмне үчүн, кимге каршы иш аракет бул?" деди Наталья Никитенко.

18:19 Турсунбек Акун: "Наталья Никитенко менен барып Абдил Сегизбаевдин атына жазылган катты берип келдик. Ал ордунда жок болгон үчүн телефон номерибизди алышты. Бизге чалышат. Күтө туралы", - деди.

17:59 Активист Мавлян Аскарбеков: "Мен тажадым ушундай ит жашоодон. Макарон жегенден тажаган жоксуңарбы? Эмнеге 6 миллион эл кыйналып жашашыбыз керек? Бир ууч эл байып жашашы керек? Жарыкка эсеп келет. Эмне үчүн 2,16 сом төлөйбүз. Башка жактарда бекер. Эмне үчүн бир ууч акмак үчүн биз кыйналып жашашыбыз керек?"

17:48 Өмүрбек Текебаевди колдогон митингчилер 7 адам менен жолугушууга кайрылуу кат жазышты "Чагымчылдыкка алдырбайбыз, Абдил Сегизбаев элди кабыл ал" деген кыйкырыктар угулуп жатат.

17:45 Митингчилер: "Биз тынчтык митингин өткөрүп жатабыз. УКМКнын төрагасы кабыл алсын бизди. Өмүрбек Текебаев Кыргыз мамлекети үчүн керек адам. Абдил Сегизбаевге кайрылуу жолдойбуз".

17:35 Асия Сасыкбаева УКМКда Өмүрбек Текебаевдин абалы начарлап жубайы Айгүл Текебаева дары үчүн кеткенин билдирди.

17:17 УКМКнын алдындагы митингчилер: " Атамбаев, сени ант урат", "Ата Мекенден колуңду тарт" деген плакаттары менен турушат. "Текебаевге боштондук" деп кыйкырышууда.

16:49 Митингчилер УКМКнын алдындагы милиция кызматкерлери менен жөөлөшүп кетишти

16:36 Митингде алып баруучулукту аткарып жаткан активист Адил Турдукулов тыныгууну сунуштады. Ал митингчилерден алыс кетпөөнү, тарабоону суранды. Учурда микрофонду каалаган адам алып сүйлөп жатышат.

16:03 УКМКнын алдына Өмүрбек Текебаевди колдоп келгендерге ысык чай берилип жатат.

15:32 Роза Отунбаева: "Эл аралык террорчудай алып кеткени өкүндүрдү. Демократия үчүн канча иш жасаганын баарыбыз билебиз. Ө.Текебаевди биз баарыбыз урматтаган, сыйлаган Жогорку Кеңешти баштаган жигит катары тааныйбыз. Кыргыз өлкөсү каякка баратат, кайсы жол менен баратат? Азыркы бийлик Өмүрбек Текебаевге ал татыктуу боло тургандай мамиле жасашы керек. Текебаев азыр кеминде үй камагына бошотулсун".

15:30 Өмүрбек Текебаевди колдогон митингге Роза Отунбаева келди.

15:24 Митингге эки автобус менен кошумча милиция кызматкерлери келишти.

15:15 УКМКнын алдындагы митингге келген Өндүрүш Токтонасыров: "Алсыз бийликтин жасап жаткан иштери алардын өздөрүнүн чыккынчылыгын, күч кубатынын, деминин дареметинин тайыздыгын көрсөтүп жатат. Текебаев эмне кечээ эле мандат алып келген жаш бала эмес. 25 жылдык тажрыйбасы бар, демократияны салмактаган, баалаган саясатчы. Эми ошол адамга жөө жомокторду токуп, аны түндө аэропортто кармап, учурда УКМКда камап турган мүнөзү бул уятсыздык", - дейт.

15:08 УКМКнын алдында Өмүрбек Текебаевдин колдоочулары митинг өткөрүшүүдө. Азыркы тапта алардын катарын "Ата Мекен" партиясынын штабынан 30 адам келип кошулду.

14:30 Митингчилердин саны 400дөн ашты. Алар башка аймактагы жарандарды да Текебаевди колдоого чакырык жасашууда.

14:25 Аида Салянова "Бийлик чектен ашып, чагымчылдык кылып жатат", - дейт.

14:24 Мавлян Аскарбеков "Бүгүн бул жакка Өмүрбек Текебаев үчүн келген жокпуз, акыйкаттык, мыйзамдуулук үчүн келдик".

14:15 "Ата Мекен" партиясынын депутаты Ө.Текебаевди колдогон митингге партиялашы Аида Салянова келди.

14:14 Милиция кызматкерлери кийлигишип Эркиндик көчөсүнүн унаа жолу ачылды.

14:09 Текебаевди колдогон митингчилердин саны көбөйүп, Эркиндик көчөсүнүн бир тарабынан унаалар өтө албай жатышат. Бир унааны өткөрүшпөй ал артка кайтканга мажбур болду.

14:03 Каныбек Иманалиев: "Чыныбай Турсунбеков менен сүйлөштүм. Эртең кезексиз сессияга чогулабыз. Эл шайлаган депутатты негизсиз кармашты. Бул Кыргыз Республикасындагы репрессиянын башталышы. Биз эч качан бийликке кул болбойбуз, бийликтен коркпойбуз"

14:00 "Өмүрбек Текебаевди колдогон митингге саат 15:00дө Роза Отунбаеванын келиши күтүлүүдө", - дейт К.Иманалиев.

13:56 Фрунзе көчөсү менен 100дөй адам келип УКМКнын алдындагы митингчилерге кошулду.

13:54 Митингчилердин саны улам көбөйүп жатат. Алардын арасында комуз менен ырдап жүргөн жаранды да көрүүгө болот. Митингчилер "Текебаевге боштондук!" деп кыйкырып жатышат.

13:45 ИИМдин басма сөз кызматы митингчилердин саны 70-80 деген маалыматты таратты.

13:40 Саясат талдоочу Табылды Акеров "Маевскийдин билдирүүсүн көрдүм. Ал камерага түз карап айта албай жатат. Жаттап алгандай, эстеп кайра-кайра айтып жатат. 1 миллион доллар берген киши мынчалык чыдап жүрө алмак эмес. Күйүп бышкан адамдай эмес. Кандайдыр бир сестенүү бар, мунун артынан эмне болуп кетем деп корккондой турат. Буга чейинки "Ата Мекен" фракциясына бийликтин мамилеси көрүнүп жатат. Салянова , Шыкмаматовго кылмыш ишин ачып көрүштү. Бир киши айтты деп эле кылмыш ишин козгошуптур. Тиги кишинин көрсөтмөсүндө далил жок. Сотто далилдегенге өтө кыйын. Кезинде Акаев каалап жатат деп Куловго карата кылмыш ачылгандай эле".

13:03 Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева: "Учак конгондон кийин эле эч нерсени түшүндүрбөй алып кетишти. Иса Өмүркулов эки күн мурун Москвага учуп кеткен . Рада Түмөнбаева чогуу учуп келди. Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Кутушев чогуу келген. Баары нес абалда калышты. Стамбулда кылмыш иши козголгонун билдик. Камакка алынгандан кийин жолуктум, дары алып барып бердим".

12:53 УКМКнын алдында 200дөй адам чогулду. Арасында Өмүрбек Текебаевдин үй-бүлөсү, жакындары, партиялаштары жана тарапташтары бар.

Бүгүн, 26-февралда УКМК алдында Өмүрбек Текебаевди колдогон митинг өтөт. Учурда Улуттук Коопсуздук мамлекеттик кызматынын дарбазасын милиция кызматкерлери тосуп турушат. Митингчилер аз аздан келип башташты.


кошулду
Жакупова Текебаевдин камалышы тууралуу
Текебаевдин колдоочулары митингге чыгышты
Каныбек Иманалиев: "Биз бийликке кул болбойбуз"
УКМКнын алдына Текебаевди колдоп 400дөн ашуун митингчи чыкты
Роза Отунбаева: "Текебаев үй камагына бошотулсун"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан