"Сосновка" постунда Текебаевди колдоо үчүн келе жаткан адамдарды милиция кармап турат. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына активист Тайирбек Максатбек уулу билдирди.
Анын айтымында, кечээ, 25-февраль күнү саат 19:00 чамасында Жалал-Абад жана Ош облусунан 32 адам Өмүрбек Текебаевди колдоо үчүн Бишкекке чыгышкан.
"Жолго чыккан адамдар бүгүн таңкы бештен өтүп "Сосновка" постуна келишкен. Бирок алар ушул убакка чейин аталган постто турушат. Милиция кызматкерлери түшүнүк кат алып жатышат. Учурда кайра артка кетирүү аракети көрүлүүдө", - дейт Максатбек уулу.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигине кайрылганыбызда, андай маалымат жок экенин айтышты.
Айта кетсек, кечээ, 25-февралда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге кылмыш ишин козгогон. Анын негизинде Венадан учуп келген Текебаев аэропорттон кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди. Бүгүн саат 13:00дө эл өкүлүн колдогон митинг өтөт.