"Ата Мекен" партиясынын жаштар канатынын 11 мүчөсү эки суткага камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда SUPER.KG порталына аталган партиядан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 04:00 чамасында "Манас" аэропортунун аймагында Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди күтүп жатышкан "Ата Мекен" партиясынын 10дон ашык жактоочусу укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган. Кармалгандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев жана журналисттер да болгон. Баары тең Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Кийин журналисттер менен эл өкүлү коё берилген. Ал эми "Ата Мекен" партиясынын жаштар канатынын 11 мүчөсүнө административдик иш түзүлүп, соттун чечими менен эки суткага камакка алынышты. Алар "укук коргоо органдарына баш ийген эмес" деп айыпталышууда.