Базар-Коргон районунда Өмүрбек Текебаевди колдогон митинг өттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда SUPER.KG порталына "Ата Мекен" партиясынын Базар-Коргон районундагы координатору Бакыт Көчөров билдирди.
Анын айтымында, митингге жалпысынан 300дөй адам чогулду.
"Өмүрбек Текебаевди колдогон митинг саат 12:00 чамасында башталган. Учурда жыйынтыкталып, резалюция кабыл алынды. Анда чогулган эл депутатты бошотуу талабын коюп, эгер талап аткарылбаса эртең Ош-Бишкек жолун тосуу чечимине келишти", - дейт Көчөров.