Темир Сариев Текебаевдин камалышы боюнча президентке кайрылды

Тектеш кабарлар: Текебаевге каршы кылмыш иши козголду (51 материал)

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасады.

"Өмүрбек Текебаевге карата коррупция боюнча айып тагылды. Олуттуу айып болгон үчүн тергөө амалдарына эч ким тоскоолдук кылбашы керек. Бул биринчи иретте Текебаевдин өзүнүн кызыкчылыгы үчүн. Айтылган айыптар далилдөөнү талап кылат. Объективдүү тергөөдөн гана так жооп алууга болот. Ал күнөөлүүбү же жалган жалаабы? Текебаев тажрыйбалуу саясатчы. Акыркы айларда ал президент Атамбаев менен ачык конфронтацияда болуп келди. Биз кааласак-каалабасак да Текебаевдин кармалышында саясат бар. Мындан улам президент Алмазбек Атамбаевге кайрылам. Алмазбек Шаршенович, сиз Кыргызстандын президентисиз. Баарынан мурда Кыргызстанда туруктуулук сакталышына сиз кызыкдарсыз. Мен өлкөдөгү туруктуулук бузулушун каалабайм, ошондой эле сизди туруктуулукту сактоого чакырам жана үмүт кылам. Азыркы кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолу - бардык тараптан мыйзамдуулукту сактоо. Мыйзамдуулук сакталганда гана эл укук коргоо органдарынын аракеттерин жана соттун чечимдерин кабыл алат", - деди Темир Сариев.

Темир Сариев Текебаевдин камалышы боюнча президентке кайрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан