Ош шаарында Өмүрбек Текебаевди колдогондор чогулду

Тектеш кабарлар: Текебаевге каршы кылмыш иши козголду (51 материал)

Ош шаарында Өмүрбек Текебаевди колдогондор чогулду. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда SUPER.KG порталына "Ата Мекен" партиясынын Ош облусундагы координатору Абдимиталип Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн түшкө маал 50дөй адам УКМКнын Оштогу башкармалыгынын алдына чогулушкан.

"Чогулгандардын арасында партия мүчөлөрү, жай тургундар да бар болду. Алар Өмүрбек Текебаевди жана Дүйшөнкул Чотоновду бошотуу, саясий куугунтукту токтотуу талабын коюшту", - дейт Сатыбалдиев.

Айта кетсек, кечээ, 25-февралда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге кылмыш ишин козгогон. Анын негизинде Венадан учуп келген Текебаев аэропорттон кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан