Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары "Манас" аэропортунан чыга турчу жолду тороп алышканы үчүн кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 03:30 чамасында "Манас" аэропортунан Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Андан соң эл өкүлүнүн тарапташтары аэропорттон чыга турчу жолго Хонда Фит үлгүсүндөгү унааны коюшуп, жолду тороп алышкан.
"Ошол учурда түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок алар милиция кызматкерлеринин сөзүн угушкан эмес. Мындан улам жалпы 15 адам кармалып, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинген. Кармалгандардын 5өө журналисттер болгон. Алар ошол эле замат коё берилген. Ал эми калган 10 адамга "жолду мыйзамсыз тороо" жана "укук коргоо органдарына баш ийбөө" боюнча административдик протокол түзүлүп, иш Сокулук райондук сотуна жөнөтүлгөн. Райондук сот 4 адамды беш суткага, 4 адамды эки суткага, 1 адамды бир суткага камоо чечимин чыгарган. Бир адамга административдик чара колдонуу токтотулган", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.