Бишкектеги УКМКнын алдында Ө.Текебаевдин тарапташтары митинг өткөрүшүүдө. Анын жүрүшүндө Роза Отунбаева "Манас" аэропортунда эл аралык террорчудай алып кеткени биздин баарыбызды өкүндүрдү", - деп билдирди.
"Өмүрбектин Кыргыз жеринин эгемендүүлүгүнө, демократияны гүлдөткөнүнө, канча иш жасаганын баарыбыз билебиз. Ө.Текебаевга ал татыган, татыктуу боло турган мамиле жасашыбыз керек. Текебаев азыр кеминде үй камагына бошотулсун", - деди Роза Отунбаева.