Каныбек Иманалиев: "Бириккен күчтөрдүн штабын түзүп аны Роза Отунбаева жетектесин деп жатабыз"

Тектеш кабарлар: Текебаевге каршы кылмыш иши козголду (51 материал)

Бүгүн, 26-февралда УКМКнын алдында "коррупция" боюнча айыпталып камакка алынган депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары митингге чыгышты.

Митинг эртең өкмөт үйүнүн алдында саат 13:00дө уланат. Мындай чечимди "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары кабыл алганын Каныбек Иманалиев билдирди.

"Эртен саат 13:00 Өкмөт үйүнүн алдында чогулабыз. Эртең Өмүрбек Текебаевдин маселеси боюнча парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүүнү талап кылабыз. Ошондой эле Текебаевди бошотуу боюнча бириккен күчтөрдүн штабын түзүп, башында Роза Отунбаева туруп берсин деп жатабыз. Ал эми бүгүн таркасак. Анткени провокация аракеттери башталды. Тынч митингди тынч бүтүрөлү", - деди Каныбек Иманалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан