"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов 48 саатка камакка алынды

Тектеш кабарлар: Текебаевге каршы кылмыш иши козголду (51 материал)

"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты аталган партиянын өкүлдөрү тастыкташты.

Маалыматка караганда, Чотонов 48 саатка УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, Чотонов Кылмыш-жаза кодексинин "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча айыпталууда.

Айта кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча Текебаевге орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай коюшканын айткан. Эл өкүлү Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып Кыргыз жерине Стамбул аркылуу учуп келген. Ал учактан түшөрү менен УКМК кызматкерлери кармап кетишкен.

Дүйшөнкул Чотонов 2011-жылдан 2016-жылдын январь айына чейин Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы ыйгарымдуу жана толук укуктуу элчиси болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан