Бүгүн Өмүрбек Текебаевдин колдоочуларынын митинги уланат

Тектеш кабарлар: Текебаевге каршы кылмыш иши козголду (51 материал)

Бишкекте бүгүн, 27-февралда “Ата Мекен” партиясынын лидеринин колдоочуларынын митинги уланат. Ага өлкө аймагынан жарандар келиши айтылды. Мындан сырткары Өмүрбек Текебаевдин тергөө учурундагы баш коргоо чарасы каралат. Аталган партиянын депутаттары маалымдагандай УКМК эл өкүлүн эки айга камоо боюнча санкция алганы жатат.

Кечээ, 26-февралда УКМКнын алдында Текебаевдин тарапташтары митингге чыгышкан. Анда Өмүрбек Текебаевди үй камагына бошотуу талабы айтылган. Митингдин соңунда Бириккен күчтөрдүн штабын түзүү чечими кабыл алынган.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 26-февралда Стамбулдан учуп келген маалда “Манас” аэропортунан кармалган. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан