Мээрбек Мискенбаев: "Текебаев камалыш керек"

Тектеш кабарлар: Текебаевге каршы кылмыш иши козголду (51 материал)

Бүгүн, 27-февралда Ак үйдүн алдында Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге каршы митинг өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан экс-депутаты, "Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин жетекчиси Мээрбек Мискенбаев билдирди.

"Кечээ "Мискенбаев кыргыз элин экиге бөлүп жатат" деп айтып жатышты, бирок Текебаевди колдоп митингге чыккандар элди бөлбөй жатабы? Өлкөбүзгө тынчтык керек. Качанкыга чейин чыдашыбыз керек? Текебаев камалсын. Ал саясатчы эмес, ал мародёр. Текебаевди камоо талабы менен биз бүгүн митингге чыгып, аны колдогондордон эки эсе көп болобуз. Учурда аймактардан тарапташтарыбыз келип жатышат", - деди Мискенбаев.

Айта кетсек, кечээ УКМКнын алдында Текебаевди бошотуу талабы менен нааразычылык акциясы өтүп, бүгүн бул иш-чара саат 13:00дө Ак үйдүн алдында улантылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан