Бүгүн, 27-февралда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев УКМК башчысы Абдил Сегизбаевге кат менен кайрылды. Анда акыйкатчы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ден соолугуна жана кармоо шартына байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү суранган.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, акыйкатчы кармоочу жайда кармалып жаткан жаран менен сүйлөшүүгө, кармоо шарттары боюнча маалымат алууга жана кармалып турган жерди көрүүгө укуктуу.