Базар-Коргондо Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары Ош-Бишкек жолун тосуу аракетин көрүшүүдө

Тектеш кабарлар: Текебаевге каршы кылмыш иши козголду (51 материал)

Базар-Коргон районунда Өмүрбек Текебаевди колдоп чыккан митингчилер Ош-Бишкек жолун тосууга аракеттенүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда SUPER.KG порталына "Ата Мекен" партиясынын Базар-Коргон районундагы координатору Бакыт Көчөров билдирди.

"Учурда митингге чыккан 300дөй адам Ош-Бишкек жолун тосууга бара жатышат. 15 мүнөт аралыгында жол тосулат", - дейт Көчөров.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы учурда жол ачык экенин билдирди.

"Митингге чыккандар жол тосуу аракетин көрүп, жалпы элди атайын чакырыктарды жасашты. Бирок милиция кызматы тарабынан түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү. Учурда Ош-Бишкек жолу ачык. Жүргүнчүлөр каттап жатышат", - дейт Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков.

Ош-Бишкек жолундагы Базар-Коргон районундагы митингчилер
Базар-Коргондогу митингде бир аял эсин жоготту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Djal1987
2017-02-27 16:22:58
Жолдо эмне куноо. Жапайычылык. Ушул аялдарды эртен эч ким деле эстебейт. Колдоруна тыйын тыпыр карматып коет болду.
+9
adimyrza
2017-02-27 16:27:11
Колунардан келсе башка иш жасагыла жол тоспой АЛЛАХка да жакпайт жол тосконунар
+9
Zinazima
2017-02-27 16:44:21
Кайран кыргызым ыйлагым келип кетти эмне жол тососунар туура жол тандагылачы
+4
Uson13
2017-02-27 16:53:03
Жол тоскон адам эч качан оңолбойт жолдо эмне күнөө жол тоскончо жазгы талаа иштери башталганы калды ошого даярданбайсыңарбы
+8
ulchana
2017-02-27 17:00:40
Алайлыктарды турап жатышатко.
-5
jamilya03
2017-02-27 17:10:30
Базаркоргондуктар эсинерге гелгиле Текебаев эмне убадасын аткарды силерге.Аял башынар менен жолдо салбырабай уйунордогу ишинерди кылгыла барып .Уят эле бетин бекитип жолго жатып алыптыр.Эси оогон адам бетин бекитип алабы.
+9
aelita25
2017-02-27 17:20:20
Кой деген кожосу жок,бакырба деген баласы жок аялдар окшойт,отур барып уйуно тирилигинди кыл,каарыганда калжандабай эртен эле ал чыкса кайдан кордум кара эшек болосунар,уят балдары же кыз куйо балдары жок бекен тыйып койгону ажылдаган энелерди
+9
Adilet_adi
2017-02-27 17:23:41
Текебаев күнѳсү болсо камалсын! Күнѳсүү жок болсо далилдеп берет. Жол тоскондорду. Камаз менен жарып ѳтүп кетиш керек
+8
Nazikbaigazy
2017-02-27 17:26:40
Боингтеги жук Ашанын аялыныкыбы, ошону ачыкка чыгаруу алдында турган Текебаевти кармады макул куноосу болсо жазасын алсын,эмнеге жабыркагандарга чогулган миллиондогон акчаны элге болуп бербей жатат, акырындап элди алдап алаксытып миллионду озунун чонтогуно сулуу керек, кырсыкта жок болгон товарды жабуу учун, ошол эле учурда Атамбаев сендагы коррупционерсин,же элдин бир тыйынында жебедим деп актанасынбы, ак уйдо отургандар баары турмодо отура турган адамдар бирин да таза эмессинер
-1
Uson13
2017-02-27 17:43:23
Мискенбаевти ким колдомок эле ал жөн эле айтты койдуда
-1
admin_portal
2017-02-27 17:45:52
Nendi15, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-1
Baiaman07
2017-02-27 17:46:16
Текебаевтин күнөөсү болсо камалышы керек. Кышында иши жок бекерчилер көп азыр кичине акча тамагын берсе эле чыга беришет не болуп жатканын өздөрү да билишпесе керек.
+6
Arsenal2
2017-02-27 17:55:23
Жол тоскон ажаан катындар канчадан акча алдынар.уялсанарчы карыганда калжандаба
Й мындай караган адамга кандай жаман корунот.Камаш керек жол тоскондорду
+7
daniel87
2017-02-27 21:41:08
Бул айласыздан болгон кадам туугандар туура эле элдин унун уксун бийлик
0
gitaris93
2017-02-28 04:43:23
daniel87,элдин унун уксун дейсинер жолду тоссо карапайым адамдар эле жабыркайт бийликтегилердин куну ото берет. Ак уйго барсын ак уйду башына кийип алсын кааласа бирок жолду тоспосун атасынан калган жол болсо дагы.
+1
Barchynbek
2017-02-28 04:50:05
gitaris93,туура айтасын.бирок элдер себебсиз бири бири менен урушуп кетиши мумкун.жаладоо камалышат анан.
0
bella.8712
2017-02-28 01:31:31
Бийлик элдин унун уксун туура эле кылышат.бийлике каршы суйлогондорду катарынан камап атышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан