Текебаевди колдоо үчүн Оштон 100дөй адам Бишкекке жөнөтүлүп, атайын комитет түзүлдү

Тектеш кабарлар: Текебаевге каршы кылмыш иши козголду (51 материал)

Кечээ, 26-февралда Ош шаарындагы Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратынын алдында 50дөн ашуун адам "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камалышына нааразы болуп чыгып, кечки саат 21:00дөрдө таркашкан. Ал эми бүгүн Текебаевди коргоо үчүн атайын комитет түзүлүп, аны Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын мурунку башчысы Абдылда Капаров жетектеп жатканын Оштогу "Ата Мекен" фракциясынын координатору Абдимиталип Сатыбалдиев SUPER.KG порталына бүгүн, 27-февралда билдирди.

"Комитет бир эле "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрүнөн турбайт. Алар ветерандар, мурунку орган кызматкерлери, деги эле азыркы саясий окуяларга макул болбогон, "Кыргыз өлкөсү демократиялык жолдон тайып жатат" деп, азыркы бийликтин кылып жаткан иштерине каршы болгон жарандар. Комитетти Абдылда Капаров жетектеп жатат. 100дөн ашуун адамдар Оштон Бишкекти көздөй чыгып кетишкен. Алды жетип, митингге катышышты. Эртеңкиге да элдер сүйлөшүп жатышат, мага жер-жерлерден байланышып "мынча адам турабыз, эмне кылабыз?" деген суроолорун беришүүдө. Азыр алардын кыймылын координациялоо боюнча иштер жүрө элек, бирок уюштуруу иштери болуп жатат", - деди Сатыбалдиев.

Ал эми комитеттин жетекчиси Абдылда Капаров жогорудагыларды тастыктады.

"Кечээки чогулгандарды түн ортосунда араң тараттык. Биз жөн гана эскертели деп барып, бийликке сунушубузду айттык, президент өзүнүн мөөнөтүн тынчтыкта иштеп, кетсин дедик. Ар тараптан эл чогулуп, аларды тынчтыкка чакырып, таркаттык. Эми биздин сунуш аткарылбаса, Бишкектеги чыккандар кандай чара көрсө, биз да аларды колдойбуз. Элдер бүгүн да жыйналып жатышат, бирок аларды сабырдуулукка чакырып жатабы. Эртеңден баштап мыйзамсыз камакта жаткандардын боштондугун талап кылып чара көрүшүбүз мүмкүн. Кыргыз элин кордогон бийлик тажатты", - деди Капаров.

Белгилей кетсек, 2010-жылы болгон төңкөрүш маалында Абдылда Капаров Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
oscar
2017-02-27 18:33:21
Озулорунун жол расходу менен келсе азаматтар го
+4
oscar
2017-02-27 18:43:32
Союз убагында чет олколор митинг десе танкалчу элек, бирок алар айлык акча которсун же бийлик туура эмес деп чыгышчу, бизде эмне бир киши камалса митинг жасап, чыдаса 48 саатка камаптыр, кое бербесе митинг кылса бир жон, андан коро жаз келди жердин камын коргуло урматтуу замандаштар, булар берген акчасына алданбагыла, эртен эле озунордон эки эселеп чыгарып алат
+5
maratbek88.88
2017-02-27 19:11:01
дагы митинг ке бир элдарда кызык митинге кеттик десе чыга берет акчага кызыгып Текебаевда аппак эмесда Кыргызстанда закон иштешин корсотуш керекда ушул адамга окшогондорго качан караса бирону андып ишин чукулап жургон адам
+4
uson.abdullov
2017-02-27 20:11:30
Мен тан калам эмнеге 48 саатка камаса еле ушунча ызычуу болот? Жоок жок Атамбаевди кетиралбай калабыз деп,Атамекенчилер тырбандайт. Бириндин этинди бирин же десенда.
+2
Gena1
2017-02-27 20:44:39
Элдер чогулат, тияк-бияктан чалып атат имиш Текебаевди камап салыптыр кокуй биз бара калып чыгара калалы ал куноосуз периштени деп. Эл Текебаев ак, бошотулсун дептир да. Ошол Текебаевди чын журоктон ак деген киши бар болду бекен деги... Атамбаевди деле колдобойм, бирок, Текебаев конкретно эмне иш кылды интрига кылгандан башка. Раз жасадыбы тартсын, ак болсо митингсиз эле далилдесин элге.
+3
ikitaidesu
2017-02-27 21:00:08
Эми Оштон 100 Адам келди деп чыгарат бекен? Ар ким озунун ишине мыйзам чегинде жооп берсин. Ошол митингге баргандар кандай бекерчилер тушунбойм. Бул жакта жекшембини кутуп отурамго уйдогулор жумуштарды кылып алайын деп.
+3
uson.abdullov
2017-02-27 23:13:33
Бул жерде пул ойноойт туугаан
-2
uli1988
2017-02-28 08:40:21
Законду жаш баладай кылып колунан кичине бийлик келгени ондоду текебаев биринчи очередде биз парламенттик олко болобуз депуттатык кол тийбестикти алабыз дегендерден пусть эми тартсын жазасын канчалаган азаматтар куноолонду эми озу казган орго озу келип тушту
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан