Өмүрбек Текебаев эки айга камакка алынды

Тектеш кабарлар: Текебаевге каршы кылмыш иши козголду (51 материал)

Өмүрбек Текебаев эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук сотунун судьясы кабыл алды. Текебаевдин жактоочусунун айтымында, митингчилерден чочулоо болгондуктан Ө.Текебаевдин баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунун имаратында эмес, мурунку аскердик соттун имаратында өткөн.

"Чечими даяр окшойт, судья кеңешүүчү бөлмөдө 5 мүнөттөй болду, өкүмдү болсо 10 мүнөттөн ашык окуду, биз келтирген жөндүү ойлорго, аргументтерге кулак салган да жок", - деди Чынара Жакупбекова.

Айта кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иштин ачылышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү себеп болгону айтылган. Л.Маевский 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин билдирген. Ө.Текебаев Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып Кыргыз жерине Стамбул аркылуу учуп келген. Ал учактан түшөрү менен УКМК кызматкерлери депутатты кармап кетишкен. Текебаев 48 саатка УКМКга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан