Компания тууралуу
"Жорго" компаниясы мындан 3 жыл мурун, 2014-жылы август айында 3 ишкер тарабынан негизделген. "Кыргыз эли башынан эле жылкыны ардактап, "Ат адамдын канаты" деп келишет эмеспи. Жорго деген сөздүн философиясы ылдамдуулук, стабилдүүлүк жана берилгендикте жатат. Мындан улам компаниянын атын "Жорго" деп атоону чечкенбиз", - дейт аны түптөөчүлөрдүн бири Дамир Юбиров. Аз убакыттын ичинде компания кызматкерлеринин эмгекчилдиги, кардарларынын ишеничи жана ар тараптуу ишмердүүлүгүнүн натыйжасында өлкөдөгү эң мыкты такси кызматтарынын катарына кошулду.
Кирешенин бир бөлүгү кайрымдуулук иштерине жумшалат
Кирешени өздөрүнө гана эмес, жардамга муктаж болгон адамдарга дагы жумшоону чечкен "Жорго" компаниясы негизделген жылынан тарта кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келет. "Элибизде жардамга муктаж көп адамдар бар. Биз алардын камын ойлоп, бул иштерди жасап жатабыз", - дейт компаниянын өкүлү.
Алсак, буга чейин согуш ардагерлерин дарегине бекер жеткирүү жана биринчи топтогу майып адамдарды 50 пайызга арзандатылган баада жеткирүү акциясын уюштурушкан. Мындан тышкары балдар үйүнө ай сайын жардам көрсөтүп, алардын керектүү буюмдарын, кийим-кечектерин алып берип турат.
Спорт менен активдүү машыккан жаштарга колдоо көрсөтүлөт
Компания спорт менен активдүү машыккан жаштарга демөөрчүлүк кылат. "Жоргонун" Жогорку лигада ойногон футбол командалары жана Кеминде көк бөрү боюнча командасы бар. Ошондой эле дзюдо, эрежесиз уруш, панкратион спорттору менен машыккан спортчуларга, автожарышчыларга каржылык жактан колдоо көрсөтүп, алар республикалык, эл аралык спорттук иш-чараларда, жарыштарда алдынкы орундарга ээ болуп келишет. Кошумчалай кетсек, жакында бийчи Жан Воиновдун Казакстанда өткөн бий маданиятын өнүктүрүүгө багытталган иш-чарасын өткөрүүгө "Жорго" компаниясы демөөрчүлүк кылган.
Кардарларына адреналин тартуулган "Байктакси" кызматы
"Жорго" компаниясы Кыргыз мамлекетинде биринчи болуп мотоцикл менен жүргүнчүлөрдү ташуучу "Байктакси" кызматын ачкан. Жай мезгилинде иш алып барган бул кызматтан салмагы 75 килограммдан ашпаган адамдар жана өспүрүм курактан өткөндөр пайдалана алышат. Келечекте "Байктакси" ишмердүүлүгүн кеңейтип, шаар тургундарын шаар ичине эле эмес, шаар четине, мотоцикл менен кооз жерлерге алып барып эс алдыруу кызматын көрсөтүүнү пландап жатат.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар дагы жумуш менен камсыздалган
"Жоргодо" ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар да иштешет. Аларга атайын акция жарыяланып, жумушка алынат. Мүмкүнчүлүгү чектелген кызматкерлерди окутуп-үйрөтүү иштерин да компания өз мойнуна алган.
Айымдардан түзүлгөн "Назик Жорго" бригадасы
Компанияда 60ка жакын таксист айымдардан түзүлгөн "Назик жорго" бригадасы иш алып барат. Анда 1 жарым жылдан бери иштеген 43 жаштагы Назира Нурдинова: "Кесибим боюнча мугалиммин. Кечкисин иштегендиктен, кардарлар "коркпой кантип иштейсиз?" деген суроону көп беришет. Мен жумушумду сүйөм. Дайыма позитивдүү ойлонууга аракет жасайм", - деген ою менен бөлүштү. Ошондой эле компания тарабынан айымдарга жакшы шарттар түзүлүп, колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалай кетти.
Кызматкерлерди жумушка алуудагы шарттар
"Биз кызматкерлерди жумушка сынак аркылуу алабыз. Ошондой эле таксисттердин арасында мамлекеттик кызматта иштегендер да бар. Милиция кызматкерлери, өрт өчүрүү кызматында иштегендер, мугалимдер жана башка кесиптин ээлери кечкисин же бош убактыларында бизде эмгектенишет", - дейт Дамир Юбиров. Мындан тышкары жумушка кирип жаткандардан наркологиялык борбордон, психикалык ден соолуктун борборунан жана соттолбогондугу тууралуу маалым кат талап кылынат.
Эң мыкты айдоочуга - тай жорго
Ар бир ай сайын компаниянын эң мыкты иштеген 3 айдоочусуна 50, 30, 20 литр бензин белек катары куюлуп берилет. Ошондой эле 3 айда бир эң жакшы иштеген таксистке тай жорго тартууланып, калган экөөнө тиричилик техникасы белекке берилет.
"Жорго" компаниясы учурда келечекке койгон бийик максаттары, кардарларга мыкты шарттарды түзүү аракеттери менен алдыга карай умтулуп жаткан кези. Компанияны негиздөөчүлөрдүн айтымында, жакын арада кардарларга багытталган, айдоочулардын ишин жеңилдеткен жаңы мобилдик тиркемелерди жана долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатышат. 3 жылдын ичинде ар тараптуу ишмердүүлүгү аркылуу өзүн көрсөтө алган “Жорго” компаниясы кайсы бир деңгээлде Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө салымын кошууда.