Митингчилер тарады. Митинг эртең саат 12:00дө Ак үйдүн алдында кайрадан уланат

Тектеш кабарлар: Текебаевге каршы кылмыш иши козголду (51 материал)

17:35 Садык Шер-Нияз: "Ушул жердеги бардык катышуучуларга, тамагынын ооруганына карабай канча күндөн бери сүйлөп, митингди жетектеп жүргөн депутаттарга, активисттерге рахмат. Эртең саат 12:00дө Ак үйдүн алдына келиңиздер. Биз депутаттар Ак үйдүн ичинен, силер Ак үйдүн сыртынан Текебаевди бошотууну талап кылабыз. Сегизбаев, Жолдубаевалар келишсин, суроолорубузга ошол жерден жооп берсин. Келиңиздер, дагы бир жолу Текебаевге жана Чотоновго боштондук деп кыйкырып коёлу. Антпесе булар биздин эмнеге келгенибизди унутуп калышат. "Текебаевге боштондук!", "Чотоновго боштондук!"

17:19 УКМКнын алдындагы митингчилерге ысык чай, самса таратылууда.

17:07 УКМКнын алдында митинг уланууда. Милиция мас абалындагы бир жаранды кармап автобуска алып кетти. Мас абалындагы киши трибунадан сүйлөп жаткан адамга тийишип жаткан.

16:53 Учурда УКМКнын алдындагы митингде Садык Шер-Нияз сүйлөп жатат. Ал Текебаевдин эмгеги тарыхта калганын белгиледи. Аны менен катар Д.Чотоновдун камалышы дагы чет өлкөлүк ишкердик көрсөтмөсүнөн улам болгонун кошумчалады. "Биз чындык үчүн, акыйкат үчүн дайыма бекем туралы", - деди ал.

16:40 Турсунбек Акун: "Атамбаев Текебаевди камап, Путинге күчүн көрсөткүсү келди. Алмазбек Шаршенович, досум, сен Текебаевди камап өзүңдүн алсыздыгыңды, таза эместигиңди көрсөттүң. Сен Текебаевдин, Отунбаеванын, Турсунбек Акундун аркасы менен бийликке келдиң эле. Аз күндөн кийин биз Ак үйдүн 7-кабатына барабыз, сен бул жерде туруп каласың".

16:22 УКМКда Өмүрбек Текебаевдин колдоочуларынын митинги уланып жатат. 10-15 адамдан турган топтор келип митингчилердин катарына кошулушууда.

16:08 Турсунбек Акун: "Маевскийге эл аралык издөө жарыяланышын айтабыз. Биз азыр Маевскийдин сөзүнө ишенип Текебаевди камап отурабыз", - деди.

16:05 Учурда депутат Наталья Никитенко өлкөдөгү мыйзамдуулук тууралуу сүйлөп жатат. Өз сөзүндө парламенттин кезексиз жыйын өткөрбөгөнүн айтып өттү. Жооптуу кызматтарга дайындоодо элдин кызыкчылыгы эске алынбай жаткандыгын кошумчалады.

16:01 УКМКнын алдына чогулгандар "Текебаевге боштондук!", "Чотоновго боштондук!", "Саясий куугунтуктун курмандыктарына боштондук!" деп кыйкырып жатышат.

15:59 "Ата Мекен" партиясынын жаштар канатынын өкүлү Өмүрбек Текебаевдин камалышы президенттик шайлоого байланыштуу экенин айтты.

15:50 Митингчилер "Сегизбаев кетсин!" деп кыйкырып жатышат.

15:35 УКМКнын алдындагы Текебаевди колдоп келген митингчилердин саны тездик менен көбөйүп жатат. Учурда алардын саны 300гө жакындап калды.

15:34 Каныбек Иманалиев: "2008-2009-жылдары Березовский Жер-Үйдү сатып алуу үчүн Кыргыз жерине келип кеткен. Березовскийди Максим Бакиев менен Маевский тааныштырганын иликтедик. Айланып келип мыйзам азыр Текебаевге ишенбей партиясынан чыгарылган, абийирсиз адамга ишенип жатат".

15:17 Митинг учурунда Токмокто жашайм деген жаран жер тилкеси жок экенин айтып, Аида Салянова менен сүйлөшүүгө аракет кылды. Бирок митингдеги адамдар аны Саляновага жолотпой коюшту. Аида Салянова "Мен митингге келдим, митинг бүтсүн анан сүйлөшөлү" деди.

15:15 "Акча таратты деп жатышат. Бирок баарыңыздар акыйкат үчүн, чындык үчүн келип жатасыздар. Кечээ чектен чыккан иш болду. Негизи башынан эле чоң бандиттей кармап алып келди. Чыккан маалыматты анализдесек, ошол Маевскийдин айтымында пара берүү Техникалык өкмөттүн убагында болуптур. Ошол мезгилде "Текебаев приватизация маселесине жооп берчү" дейт. 2010-жылы Текебаев Конституциялык реформа менен алек болгон", - деди Аида Салянова.

15:05 Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары УКМКнын чыгыш тарабына чогулуп жатышат. Учурда 150гө жакын адам келди. Укук коргоочулар өлкө аймагындагы жалпы укук бузуулар тууралуу айтып жатышат.

14:58 "Биз башында айтканбыз, кезексиз акциялар улана берет. Мыйзамсыз болгон аракеттерди ар кандай инструменттер аркылуу жеткиришибиз керек. Биз унчукпай отура берсек улана берет. Аппеляциялык арызды 10 күндүн ичинде караш керек. Бизде Жогорку Сотко кайрылууга укугубуз бар. Лидердин милдетин аткаруучу деп Шыкмаматовду шайладык. Жумушубуз улана берет. Буга чейин парламентте мамлекеттик деңгээлде болбогон маселелерди деле бир нече саат караганбыз. Мыйзамсыздыктын жеткен чеги болуп жатканда парламент баасын бербесе, качан баасын берет? Башка фракциялар да баасын берет деген ойдомун", - деди Аида Салянова.

14:49 Садык Шер-Нияз башка фракция лидерлерине кайрылып "Ушундай ыкма менен КТРКдан көрсөтүп, аэропортто сейилдеп жүргөн кезде же жерде камай берсе болобу? Деги эле башка жарандарды ушинтип кармай берсе болобу? Тергөө амалдары да өзүнүн мыйзамдуу жолу менен өтүшү керек", - деди.

14:45 Садык Шер-Нияз: "Ата Мекен" фракциясы өзүнүн лидерин камап, А.Шыкмаматовду лидерликке шайлап алды деп жазып жатышат. Шыкмаматов фракция лидеринин орун басары эле, лидер камакта болгондуктан башчы болду. Л.Маевский "миллион доллар бердим, алар алды" деп жарыя кылды. Андай убакта биздин мыйзам боюнча ал дагы камалыш керек", - деди.

14:41 Алмамбет Шыкмаматов элге кайрылып жатат: "Тынчтык митингибизди улантабыз. Өзүбүздүн Конституцияда айтылган укугубузду айтабыз. Сот айтмайынча эч ким күнөөлүү деп айтпайт. Текебаевге "Матрешка гейт" деп ага баңгизат салып беришкен. Кийин курал менен кармалды дешкен. Кийин 2010-жылы камашкан. Андан кийин "Белиз гейтти" айтып чыгышты. Биз бул чагымчылдык экенин далилдедик. Биз сөз эркиндигин коргобосок кийин эркин ой айта албай калабыз. Мындан ары митинг мөөнөтсүз уланат".

14:35 Митинг саат 14:00дөн 18:00гө чейин өтүп турат. Текебаевдин маселесин биз парламенттин эртеңки жыйынында көтөрүп чыгабыз.

14:34 "Ата Мекен" фракциясы Орусиянын күч органдарына 1 миллион доллар пара бердим деген Маевскийге карата чара көрүү боюнча кат жибердик. Ал өзү айтып жатат пара бердим деп. Бул кылмыш жасадым деп моюнуна алганы менен бирдей. Ага дагы кылмыш иши козголушу керек. Биз эртеби-кечпи далилдейбиз. Баш коргоо чарасы боюнча соттун чечимин Бишкек шаардык сотуна арыздандык, керек болсо Жогорку сотко беребиз", - деди Шыкмаматов.

14:29 Шыкмаматов: "Митингдин максаты жана талабы - саясий репрессияларды токтотуу, саясий көз карашын айткан Аткаруу бийлигинин адамдарына куугунтукту токтотуу. Митингдер жумасына 2-3 жолу өтүп турат. Дем алыш күндөрү чыкпайбыз. Чагымчылдыкка алдырбайбыз".

14:10 Эркиндик бульварына 40тай адам чогулду. Арасында Асия Сасыкбаева бар.

13:58 Бүгүн, 28-февралда УКМКнын алдында Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары митинг өткөрүшөт. Учурда Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик кызматынын имаратынын жанында милициянын төрт автобусу токтоп турат. Ал эми милиция кызматкерлери Эркиндик көчөсүндөгү унаа жолунун четин темир тосмо менен тосушту.

Эске салсак, 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иштин ачылышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү себеп болгону айтылган. Л.Маевский 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин билдирген.

26-февралда таңкы саат 3тө Ө.Текебаев Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып Кыргыз жерине Стамбул аркылуу учуп келген. Ал учактан түшөрү менен УКМК кызматкерлери депутатты кармап кетишкен.

Ошол эле күнү камакка алынган депутаттын тарапташтары УКМКнын алдына чогулушкан. Алар Ө.Текебаевди үй камагына бошотуу талабын коюшкан. Бул күнү митингге 1000ге чукул жаран катышты. Депутатты коргоо боюнча Бириккен күчтөрдүн штабы түзүлгөн.

27-февралда Текебаевди колдогон 400дөн ашуун митингчи "Ала-Тоо" аянтына чогулду. Анын баш коргоо чарасы боюнча соттун чечимин билүү үчүн митингчилер Биринчи Май райондук сотуна, УКМКга келишти. Жактоочу Чынара Жакупова Ө.Текебаевдин жана соттун коопсуздугу үчүн баш коргоо чарасы мурунку Аскердик сотто каралып, 2 айга камакка алуу чечими чыгарылганын айтты.

Текебаевдин камалышына нааразылык билдиргендер УКМКнын алдында митинг өткөрүштү 28.02.2017.


кошулду
УКМКнын алдындагы Текебаевди колдоо митинги. Бийиктиктен. (3-күн)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан