Бүгүн, 1-мартта парламенттин жыйынында Өмүрбек Текебаевдин камалышы талкууланууда. Анын жүрүшүндө депутат Айсулуу Мамашева башкы прокурор Индира Жолдубаевага кылмыш иши козголгон депутаттардын камакка алынышы тууралуу суроо берди.
Текебаевден башка дагы депутаттарга кылмыш иши козголгонун, бирок алар жыйында отурганын айтты.
"Бир катар депутаттарга кылмыш иши ачылган. Баары жыйында отурушат. Кандай принципте айрымдарын камоо чечими чыгат? - деди Мамашева.
Индира Жолдубаева депутатты камакка алууга негиз болгон фактылар жетиштүү экенин айтты. "Башка депутаттардын иши боюнча дагы материалдар чогулуп жатат", - деди Индира Жолдубаева.