Баткен облусунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду коргоо боюнча комитет түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта комитеттин жетекчиси Абдрашит Исаков SUPER.KG порталына билдирди.
Комитетке облустагы "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү, активисттер жана жөнөкөй жарандар кирген.
"Облус боюнча, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун камалышы боюнча ар кандай ой-пикирлер айтылууда. Текебаевдин камалышынын туура эместигин айткандардын саны көп. Жалпысынан абал тынч. Башкы штаб менен байланышып турабыз", - деди А.Исаков.
Ал эми Оштогу "Ата Мекен" фракциясынын координатору Абдимиталип Сатыбалдиевдин айтымында, учурда жер-жерлерде жогорудагыдай комитеттер түзүлүп жатат.