Гонконгдо дүйнөдөгү эӊ бийик делген ресторан ачылды. Мекеме асман тиреген көп кабаттуу үйдүн 102-кабатынан орун алган. Ал башка жайлардан бийиктиги менен эле эмес, ашканасынын ачык болгондугу менен айырмаланат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Башкы повардын столу" аталган принцип Азия өлкөлөрүндө популярдуу болуп эсептелинет. Анда келген коноктор ашпозчунун кандай тамак жасап жатканын күзөтүп, өздөрү каалаган өзгөртүүлөрдү киргизе алышат. Башка тамактануучу жайларда кардарлардан ашкана сырларын жашырууга аракет кылышса, жогоруда аталган ресторанда баары ачык-айкын көрсөтүлөт.
Дүйнөдөгү эӊ бийик ресторанда түштөнүү болжол менен 2 миӊ долларды түзөт.