Адахан Мадумаров Текебаевдин камакка алынышы боюнча кайрылуу жасады

Тектеш кабарлар: Текебаевге каршы кылмыш иши козголду (51 материал)

Саясатчы Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы тууралуу билдирүү жасады.

Анын айтымында, Текебаевди баш кесер же жан кечтини кармагандай кылып кармоо бул абийирсиздик. "Кеп Текебаевдин кармалгандыгы же кармалбагандыгында эмес. Кеп ошол ыкма боюнча болуп жатат. Текебаев бирөөгө жагабы же жакпайбы ал мамлекеттик ишмер, ал Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, ал парламенттин бир канча чакырылышынын депутаты, соңку кезде оппозициялык фракциянын башчысы. Эмнеге парламенттик фракциянын төрагасы башка бир мамлекеттин жаранынын сөзүнүн аркасы менен кармалып жатат? Текебаев тергөөдөн качып кете турган адам эмес да. Бул жеке Текебаевдин намысына шек келтирүү эмес, бул бүт кыргыз журтчулугуна, кыргыз саясатына тийгизген абдан чоң сокку", - дейт Мадумаров.

"Эгер Текебаев кайсы бир маселелер боюнча кармалган болсо, Бишкектен сыртка чыкпоо боюнча кол койдуруп алып, тергөөнү жүргүзө беришсе болот. Эч ким тоскоолдук кылбайт. Күнөөлөрү далилденгенден кийин элдин алдына чыгып бардыгын ийне-жибине чейин айтып берип, анан чара колдонсоң, эл деле толкубайт. Эгер чындык үчүн күрөш болуп жатса анда бардыгы мыйзам чегинде жүрүш керек. УКМК мамлекеттин коопсуздугу үчүн эмес, кайсы бир топтун коопсуздугу үчүн иштеп жатканы көрүнүп калды", - дейт саясатчы.

Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган. Депутат 25-апрелге чейин камакта болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан