Жалал-Абаддагы Базар-Коргон районунун Акман айылынын тургундары дагы да Өмүрбек Текебаевдин камалышына каршы чогулгандарга Алай, Ноокат, Араван райондорунан 50дөй адам келип кошулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 3-мартта Текебаевди коргоо үчүн атайын комитеттин жетекчиси Абдылда Капаров билдирди.
"Базар-Коргондун өзүндө 100-150дөй адам чогулуптур. Биз Оштон бардык. Алай, Ноокат, Араван, Кара-Кулжа райондорунан да 30 аксакал жана 25тей жаш активисттер келишти. Чогулгандарга барып колдоо көрсөтүп, "силердин бир тал чачыңар түшсө, биз кандуу бийлик менен күрөшүүгө даярбыз" деп, Текебаевдин камалышына нааразы экенибизди билдирдик", - деди комитет жетекчиси.
"Ош окуясы болду, "Ала-Тоо" аянтында канчалаган адамдар каза болду, алар үчүн эч ким жооп бере элек. Канчалаган укук коргоо органдарынын кызматкерлери майып болду, алардан бир кабар алышпайт. Текебаев тууралуу жөн эле башка мамлекеттин жараны бир нерсе айтып койсо, анын сөзүнө таянып камап салышты. 30 жыл укук коргоо органдарында иштедим, мындай болбошу керек болчу", - деп кошумчалады Абдылда Капаров.