Экс-президент Роза Отунбаеванын бир тууган иниси, дипломат жана саясатчы Болот Отунбаев 52 жашка толду. Ал 1965-жылы 9-мартта Ош шаарында төрөлгөн. 1987-жылы Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктап, 1990-1993-жылдары ошол эле окуу жайда аспирантурада окуп тарых илимдеринин кандидаты болгон. 1993-жылы ММУнун Башкаруу жогорку мектебин, 2000-жылы Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияны аяктаган.
1987-1990-жылдары Бишкектеги № 67-мектепте тарых мугалими,
1993-1995-жылдары - Бишкектеги Түркиянын эл аралык кызматташтык агенттигинин кеңешчиси,
1995-1996-жылдары Анкарадагы Түркиянын эл аралык кызматташтык агенттигинин борбордук кеңсесинде кеңешчи,
1996-1998-жылдары КРдагы Түркиянын эл аралык кызматташтык агенттигинин өкүлү,
1998-2003-жылдары КРнын Орусиядагы элчилигинин биринчи катчысы,
2003-жылдын ноябрь айынан тарта 2005-жылга чейин КРнын Тышкы иштер министрлигиндеги ОБСЕнин башкармалыгынын башчысы,
2005-жылы КРнын Тышкы иштер министрлигинде Чыгыш өлкөлөрүнүн башкармалыгынын башчысы,
2005-2009-жылдары - Түркиядагы КРнын элчилигинин кеңешчиси жана кичи элчиси,
2010-жылы КСДП партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер,
2010-2012-жылдары - КСДПнын республикалык штабынын координатору,
2012-жылдын 15-февралынан тарта Кыргыз мамлекетинин Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматтарын аркалаган.
Ошондой эле ага Швеция, Дания, Норвегия падышачылыктары менен Сан-Марино Республикасындагы дипломатиялык миссия жүктөлгөн. Ал кызматта 2015-жылдын май айына чейин иштеп, кызматтан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазган.
2015-жылы КСДП партиясынын атынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер болгон.
Ал эми 2016-жылдын февраль айында Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси кызмат ордуна көрсөтүлгөн Болот Отунбаевдин талапкерлигин жактырган.
9-мартка карата жылнаама