“Альянс Алтын” компаниясы 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамына карата Талас районунда өткөрүлгөн майрамдык иш-чараларга катышты. Талас райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте “Көк-Ой” айылынын маданият үйүндө айымдар үчүн майрамдык, концерттик программа уюштурулуп, Баатыр энелерге, көп балалуу турмуш-шарты начар айымдарга, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарга күнүмдүк турмуш-шартта өтө керек болгон азык-түлүктөр салынган баштыктар тапшырылды. Ушундай эле белектерге Талас районунун Бекмолдо айыл аймагынын айымдары дагы ээ болушту. “Альянс Алтын” жалпысынан бул күнү район аймагында жашаган 200дөн ашык аялзатына камкордук көрсөттү.
Урматтуу аялзаты! Сиздер үй-бүлөнүн куту, очок ээси, коомдун эң ажарлуу бөлүгү катары өлкөнүн өнүгүшү үчүн ат көтөргүс жүктү моюнга алып, чымырканып эмгектенип келесиздер. Сиздерге бекем ден соолук, жарык маанай, тынч жана бакубат жашоо каалайбыз!
Урматтоо менен, “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому.