Башкы прокурор Индира Жолдубаева "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынына жүйөлүү себептер менен келген жок.
Жыйындын башында аталган фракциянын лидери Бакыт Төрөбаев Башкы прокуратуранын отчётун уккандан кийин ишин канааттандырарлык же канааттандырарлык эмес деп таба турганын айтты.
Башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов Индира Жолдубаева мамлекеттик резиденцияда сотторду реформалоо кеңешмесине катышып жатканын айтты.
Учурда Кылычбек Токтогулов Башкы прокуратуранын 2016-жылдагы Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун жана аларды бекемдөөдө прокуратура органдарынын аткарган иштери боюнча отчёт берип жатат.