Ушул жылдын 7-мартына караган түнү Париж шаарындагы зоопаркта кериктин (носорог) баласын өлтүрүп, анын мүйүзүн араа менен кесип, алып кетишкен. Мүйүздүн баасы болжол менен 220 миң долларга чейин жетери чет элдик басылмаларда айтылат.
Буга байланыштуу Франциянын Лион шаарындагы зоопарктын башкармалыгы кериктердин мүйүздөрүн кесүү менен, аларды браконьерлерден коргоону чечишкен. Аталган жайдын жетекчиси Сесиль Дюбуа бир күнү кериктин өлүгүн тапканча, анын мүйүзүн кесип салуу жакшыраак экенин айткан.
Серепчилердин айтымында, браконьерлердин айынан Жер планетасында 10 жылдан кийин бул жаныбар таптакыр жок болуп кетиши мүмкүн.