Алмаз Кулматов президенттик аппараттын этностук, диний саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Алмаз Кулматов Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу 14-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. А. Кулматов 1967-жылы 5-декабрда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда туулган. Ал буга чейин Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан