ЭЛДИК КАБАР: Базар-Коргондо Өмүрбек Текебаевди колдогон митингдин катышуучулары аны боштондукка чыгарууну талап кылышууда

Тектеш кабарлар: Текебаевге каршы кылмыш иши козголду (51 материал)

Бүгүн, 17-мартта Жалал-Абаддагы Базар-Коргон районунун Акман айылында Өмүрбек Текебаевдин камалышына каршы болгондор кайрадан чогулду. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Чогулгандардын саны 1000дей. Дагы да кошулуп жатышат. Азыр Базар-Коргонду көздөй жөө жүрүшкө чыгышты", - дейт окурман.

"Жөө жүрүшкө чыккандар Текебаевдин бошотулушун талап кылышып, Ош-Бишкек жолун тосуп, кайра ачышты", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Акмандагы митинг. 17-март.
Акмандагы митинг
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Munar8625
2017-03-17 16:04:53
Аа дегиле бекерчилер , Мен бошболгон митинкке чыкмакмын аттинай жумушум толтура.
-4
kayratbek81
2017-03-17 23:33:33
Текабаев дейсинер качан кыйраты,27 жылдан бери кыргызстанды жыргатты.Кече эле кичине тизгинин тартып койсо Эл учун куйуп чыгышат мен чындыкты айтым,Бул саясат деген болот.
+1
azamat1978
2017-03-18 08:22:42
Депутатар тарап кетсин жеп буттү эл учүн иштебесе текебаевда эч нерсе болбойт камалбайт ушинтип сотко бирин бири берген болот кийин карасан эле баары биригип алат ишенбегиле бийликтегилердин тили бир элди алдайт булар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан