Лондондо 22-марттагы терактта 5 адам каза таап, 40тан ашык адам жаракат алды. Чет элдик ММКлардын маалыматына таянсак, каза тапкандардын бири кылмышты жасаган адам. Британиянын премьери Тереза Мэй республикада террордук коркунучтун деӊгээли жогорулабай турганын билдирүүдө. Кылмыш кылган адамдын аты Абу Иззадин экени, ал мурда террордук иштерге көмөктөшкөн деп түрмөгө отуруп чыкканы айтылды.
Окуя кечээ, Бишкек убактысы боюнча саат 20:40 чамасында болгон. Вестминстер көпүрөсүндө бараткан унаа тротуарга чыгып адамдарды сүзгөн. Айдоочу унааны парламент имаратына чейин айдап барып, аны полиция токтотуп калган. Айдоочу полиция кызматкерине бычак сайып өлтүргөн. Ошол жерден өзү да полиция кызматкерлеринин огунан каза тапты.