Садыр Жапаровду колдоо митинги эки тараптын жаңжалы менен аяктады (фото, видео)

17:15. Митингчилер тарап кетишти. Учурда Эркиндик бульварында 40ка жакын адам калды.

17:00. Садыр Жапаровдун тарапташтары милициялар атайын провокация уюштурганын айтышууда. Митингдин катышуучуларынын бири Бактыгүл Жумакадырованын айтымында, митингчилердин арасында жарандык кийимчен милиция кызматкерлери болгон. "Алар өздөрү бөтөлкөлөрдү ыргытышып, провокацияны башташты. Милициялар көп балдарыбызды кармап кетишти", - деди ал.

16:35. Учурда милициялар УКМКнын алдынан митингчилерди таратып жатышат. Алдын ала маалыматтар боюнча 50дөн ашуун митингчи кармалды. Милиция кызматкерлеринин арасынан жаракат алгандар бар. "Тез жардам" кызматы келе элек.

16:28. Садыр Жапаровду колдоо митингинде катышуучулар менен милициялар жөөлөштү. Активдүү катышуучуларды милиция кызматкерлери кармап кетти. Алардын арасында Турсунбек Акун бар.

16:24. УКМКнын алдында Садыр Жапаровду колдоо митингинде адамдарга нан, суу таратылды.

15:47. Садыр Жапаровдун айрым тарапташтары Жогорку Кеңештин имаратынын алдына барууну демилгелешти. Бирок бул демилгени көпчүлүк колдобой коюп, митинг УКМКнын алдында уланууда.

15:28. УКМКнын алдында Садыр Жапаровду колдоо митингинде Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын экс-депутаты Асия Сасыкбаева жүрөт. "Бүгүнкү күндө 13 саясатчыны УКМКга тыгып коюшту. Алар "мамлекетти өнүктүрөлү, мамлекетибиз гүлдөсө" деген мааниде бийликти сындашкан, ал эми бийлик буга чыдабай күч колдонуп мындай нерселерге барып жатат. Мындай көрүнүш мамлекетти талкалаганга алып барат. Анткени биз өзүбүздүн саясий элитабызды талкалап жатабыз", - деди Сасыкбаева.

15:00. УКМКнын алдында Садыр Жапаровдун тарапташтары милиция кызматкерлери менен жөөлөшө кетти. Арасынан жаштар тобу "бул жерде эмне турабыз? Ичине кирүүгө аракет кылалы" деп бир топ адамдарды күүлөп, натыйжада милиция кызматкерлери менен жөөлөшүп кетишти. Митингдин арасындагы кары инсандар милиция тарапка өтүп, жаштарды провокацияга алдырбоого чакырып, тосуп турушту. Абал бир аз тынчтанды.

14:49. Садыр Жапаровду колдоо митингинде анын тарапташтары УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевдин сыртка чыгышын талап кылышууда.

14:38. Коомдук ишмер Турсунбек Акун Садыр Жапаровду колдоо митингине кошулду. Ал президенттен УКМКнын камагында отурган Жапаровду, Өмүрбек Текебаевди бошотууну талап кылды. Акундан тышкары митингге башка белгилүү саясатчылар азырынча келише элек.

14:29. Садыр Жапаровдун тарапташтары УКМКнын алдына келишти. Алар "Садыр Жапаровго боштондук!" деп кыйкырып жатышат.

14:03. Садыр Жапаровдун миңден ашуун тарапташтары УКМКнын алдына жөнөштү. Милиция кызматкерлери алардан тартип бузбоону суранышты.

13:52. Садыр Жапаровдун миңден ашуун тарапташы УКМКга барууга ниеттенүүдө. Учурда алар Горький сейил багында. Жапаровдун тарапташтары анын боштондугун талап кылышууда.

13:48. Садыр Жапаров жеткирилген УКМКнын имаратынын алдында милиция кызматкерлери турушат. Садыр Жапаровдун тарапташтары азырынча жок.

13:23. Садыр Жапаров кармалып УКМКга жеткирилди. Бул тууралуу 25-мартта аталган мекемеден билдиришти. Маалым болгондой, ал Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. Тагыраагы, 2013-жылдын 7-октябрында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өткөн митингди Жапаров каржылаганын, митингдин катышуучулары ошол кездеги облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди күч менен унаага салып, туткунга алып отурушканын, ал унаа Жапаровдун эжесине таандык болгонун айтууда УКМК. Күбөлөрдүн көрсөтмөсүнүн негизинде, Жапаров митингдеги мыйзамсыз аракеттерди башкарган, Каптагаевди бошотпоо боюнча уюлдук телефон аркылуу тапшырма берген деп аталып жатат. 7-октябрдагы митингдин максаты Ысык-Көл облустук администрациясын басып алуу, облуста тополоң чыгаруу болгону күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө жана кылмыш ишинин алкагында белгилүү болгону айтылды.

13:05. Бул арада Бишкектеги Горький сейил багында ырчылар концерт тартуулашууда. Алардын арасында Алмаз Шаадаев, Данияр Эрматов, Тынчтык Айылчиев бар. Жалпысынан бул сейил бакта 300дөн ашуун эл чогулду.

13:03. Садыр Жапаровду "Ак-Жол" чек арасынан тосуп алган калк Бишкекти көздөй жөнөштү. Алар Жапаровду УКМКнын кызматкерлери терезелери караңгылатылган 3 унаа менен келип салып кетишти дешүүдө. Эл Бишкек шаарындагы Горький сейил багында күтүп жаткан адамдарды кошуп, УКМКнын алдына барабыз деп жатышат.

12:50. Садыр Жапаровдун тарапташы: "Бийликтин максаты - Садыр Жапаровду камакка алуу. Милиция тарабынан кандай аракеттер болсо, элдин аракеттери ошого жараша болот. Эл өзүнүн уулун коргоого тийиш".

12:20. Бишкектеги М.Горький сейил багында Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулушууда. Учурда 100гө жакын адам келди. Алар митинг уюштурууга даярдык көрүшүүдө.

12:16. Садыр Жапаровду Кыргыз-Казак чек арасынын "Ак-Жол" бекетинен күткөн тарапташтарынын саны артууда. Учурда алардын саны 400гө жетти. Алардын тарабынан тартип бузуу каттала элек.

12:05. Садыр Жапаров келчү "Ак-Жол" бекетинде милиция кызматкерлердин саны артууда. Алардын саны 200гө жакын.

11:40. Садыр Жапаровду "Ак-Жол" бекетинен күткөндөрдүн саны 200дөн ашты. Алар тартипти бузбоону убадалашууда.

11:30. Кыргыз-Казак чек арасынын "Ак-Жол" бекетинен Садыр Жапаровдун тарапташтары аны күтүп жатышат. Милиция кызматкерлери алардан жолду тоспоону суранышууда.

Бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, келерки президенттик жарыштын болочок талапкери Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз жерине келмекчи.

Айта кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жапаровду суракка чакырган, бирок "Жапаровго сурообуз көп" деп суракка алуу кайсы иш боюнча экенин ачыктоодон баш тарткан.

2012-жылдын сентябрында Башкы прокуратура "алдамчылыкка катышуу", "кылмыш жолу менен мүлккө ээлик кылуу" беренелери боюнча иш козгогон. Жапаровду депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу сунушуна парламент макулдук бербей койгондон кийин иликтөө убактылуу токтогон. 2013-жылы Камчыбек Ташиев дарбазадан секирип өтүп, Ак үйгө кирүүгө аракет жасаган окуясында Жапаров дагы кармалып, "бийликти басып алууга аракет" беренеси менен (Кылмыш-жаза кодексинин 30 жана 295-беренелери боюнча) сот жообуна тартылып, депутаттык мандаттан ажыратылган. Ошол учурдагы ички иштер министри Жапаровдун унаасынан курал табылганын жарыялаган. Мандаттан ажырагандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 2014-жылы 31-мартта Бишкекте митинг өткөрүүнү көздөгөн Жапаров Кыргыз жерине кайтып келгенин билдирген, бирок митинг өткөргөн эмес. Башкы прокуратура анын өлкөгө кайтып келиши менен ага карата кылмыш иши жанданганын маалымдаган. Жапаров 2014-жылдан бери чет жерде жүргөн.


кошулду
Садыр Жапаровду колдогондор митингге чогулушууда
Митингге ырчылар да келишти
Жапаровдун тарапташтары аны "Ак-Жол" бекетинен тосуп алуу үчүн күтүштү
Митингде асманга ок атылды
Митингде милиция кишилерди кармап кетти
Садыр Жапаровду колдоо митинги эки тараптын жаңжалы менен аяктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан