Садыр Жапаров УКМКга жеткирилди

Мурунку депутат Садыр Жапаров кармалып УКМКга жеткирилди. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка отургузулду. Бул тууралуу 25-мартта аталган мекемеден билдиришти. Маалым болгондой, ал Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. Тагыраагы, 2013-жылдын 7-октябрында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өткөн митингди Жапаров каржылаганын, митингдин катышуучулары ошол кездеги облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди күч менен унаага салып, туткунга алып отурушканын, ал унаа Жапаровдун эжесине таандык болгонун айтууда УКМК. Күбөлөрдүн көрсөтмөсүнүн негизинде, Жапаров митингдеги мыйзамсыз аракеттерди башкарган, Каптагаевди бошотпоо боюнча уюлдук телефон аркылуу тапшырма берген деп аталып жатат. 7-октябрдагы митингдин максаты Ысык-Көл облустук администрациясын басып алуу, облуста тополоң чыгаруу болгону күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө жана кылмыш ишинин алкагында белгилүү болгону айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан